Ирандык Риги кыргыз учагына түштү беле деги?

Ирандык телеканалдар Ригини Тегеранга алып келишкенин көргөздү. 23-февраль, 2010-ж.

Кыргызстандын мамлекеттик тышкы иштер министрлиги “Ирандык сунни козголоңчулардын лидери кыргызстандык учакта кармалды” деген маалымат туура эмес деп билдирди.
Ошол эле маалда, 23-февраль күнү Дубайдан Бишкекке бараткан учак Иранда конууга мажбур кылынганы үчүн Кыргызстандын Ирандагы элчиси Медеткан Шеримкулов расмий Тегеранга каршылык билдиргени айтылат. Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Мохаммад Реза Рауф Шейбони граждандык авиация эрежелери бузулган үчүн Бишкектен кечирип сураптыр.

Кыргыстандын тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Ирандын коопсуздук күчтөрү кармап кеткен эки адам кыргыз учактын ичинен эмес, сыртта, аэропорттун аянтынан кармалган. Бирок алар аэропортко кайдан барып калганы, учакка түшүп бардыбы, же сыртка чыгарылгандан кийин кармалганы айтылбайт. Эшикте кармалса, аларды ким жана эмне үчүн сыртка айдап чыгарды? Айтор, расмий Бишкек тараткан маалыматта окуя эмне үчүн чаташып кетти деген суроону Лондондогу Терроризмди изилдөө борборунун улук эксперти, теги Ирандык Махман Абединге узаттык.

- Бул, албетте, абдан талылуу маселе. Коопсуздук жагынан алабызбы, же саясий жагынан алабызбы, экөө бирдей өтө талылуу. Биз Иран бийликтери кыргызстандык учакты мажбурлап кондурганын даана билебиз. Ал учак жөндөн жөн эле токтотулган жок да, анын ичинде бир шектүү бирдеме болгон үчүн кондурулду. Балким, Кыргызстан менен Ирандын бийликтери өз ара сүйлөшүп, Абдулмалик Риги учактын ичинен кармалган жок деп айталы деген пикирге токтошкондур. Тегеран суранышы мүмкүн.

Ирандын бийликтери 23-февралда кармалган Абдулмалек Риги террористтик уюмдун лидери, ал Ирандагы стабилдүүлүккө коркунуч келтирген кишилердин бири деп айыпташты. Жундалла уюму чын эле Иранга коркунуч келтирген уюмбу?

-Жундалла Ирандагы Балучистан регионунда көп жылдардан бери иш алып барган сепаратисттик уюм эсептелет. Ал ошол региондогу коопсуздукка коркунуч келтиргени чын. Жундалла, менимче, Ирандын борбордук өкмөтүнө, же өлкөдөгү саясий кырдаалга коркунуч келтире албайт.

Махан Абедин андан аркы сөзүндө Ирандын бийликтери эң биринчи күндөн баштап Абдулмалек Риги Ирандык чалгынчылар, коопсуздук күчтөрүнүн мыкты уюшулган операциясынын натыйжасында кармалды, аларга эч ким жардам берген жок деп айтып келатканына көңүп буруп, аны кармоого Пакистан жардам берди деген маалыматты Тегеран кулак сыртынан кетиргенин белгилейт. Балким, дал ошондой жеке ирандык операция деп басым жасалганынан улам Кыргызстан да четке чыга берүүнү эп көргөндүр.

Коомчулук арасында Ирандын, же башка өлкөнүн бийликтери мындан ары да каалаган учакты токтотуп, анда шектүү террорист бар деп кондурушу мүмкүнбү деген суроо кызуу талданып жаткан чак.

Лондондогу эл аралык коопсуздук жана коргонуу маселелерин иликтеген Жэйнс борборунун эксперти Жереми Бинни мындай окуя – асманда учуп бараткан коммерциялык каттамды мажбурлап токтотуу буга чейин болуп көрбөгөнүн айтат.

- Биз окуя кандай болгонун так билбейбиз. Ирандын атайын күчтөрү учактын ичин текшерип-тинтип, эки кишинин кармап кеткен маалда агрессивдүү алып жүрүштүбү өзүлөрүн, деги ал жердеги башка жүргүнчүлөр кандай акыбалда болушту – мунун баары дайынсыз. Ошентсе да, кимдир-бирөө азыр Иран жолдо бараткан учакты токтоткону эмнеси деп ызы-чуу чыгарат деп ойлобойм. Анткени Ирандын бийликтери АКШ, Британия Ирандагы козголоңчул күчтөргө колдоо көрсөтөт деп айыптап жатпайбы.

Ошентип, кыргызстандык учак Иранда токтотулганы анык, ошол жерде кармалган Абдулмалек Риги Дубайдан Бишкекке баратканы чын болсо, ал кандай максатта бараткан деген суроого жооп жок. Ирандын телеканалдары Риги Бишкектеги америкалык базада АКШлык бир жооптуу адам менен жолугуп, андан акча жана кеп-кеңеш алмак экен деп кабарлашты эле, расмий Вашингтон андай байланыштардын баарын четке какты. Пакистандын Тегерандагы элчиси биздин чалгынчылардын жардамы болбогондо, Иран Ригини кармай алмак эмес деп билдирди. Бул окуянын тегерегинде суроолор күндөн күнгө көбөйүүдө. Расмий Бишкектин маалыматы аларга жооп бермек тургай, кошумча суроолор жаратты.