Иран демократиясынын табышмагы

Иран -- Бийликтер кечээги шайлоого добуш бергенге укугу бар 46 миллиондон ашуун жарандардын сексен процентке жакыны катышты деп болжолдоп жатышат.

Иранда кечээ президенттик шайлоо болуп өттү. Добуш бергени келгендер саны өтө көп болгондуктан шайлоо жайлары түн ортосуна чейин иштеди. Кечээки шайлоого бийликтер добуш берүүгө укугу бар 46 миллиондон ашуун жарандардын сексен процентке чукулу катышты деп болжолдоп жатышат. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары бүгүн дайын болот.
Быйылкы шайлоо кандай өткөнүн Тегерандагы Хоссейние Эршад мечитинде добуш берген белгилүү актриса Пега Ахангари мындайча баяндады: "Мечитке эл батпай, жык-жыйма болуп турду. Алар кимди колдошконун мен билбейм,бирок аламан топ арасындагы сөздөргө караганда көпчүлүгү Мир Хоссейн Мусавиге бүллүтөн таштап жатышкандай болду. Өткөн шайлоодо да ушу Хоссейние Эршадда добуш берген элем, бирок анда азыркыдай быкылдаган элди көргөн эмесмин".

Иран жөөттөрүнүн өкүлү, межилистин мурдагы депутаты Морис Мотамед мурдагы шайлоого караганда активдүүлүк өтө жогору болгонун тастыктап, быйылкы саясий өнөктүктү 1997-жылы Мохаммед Хатами президенттикти биринчи ирет утуп алган шайлоого окшоштурду.

Түндүктөгү Рашт элеткалаасынын тургуну Сомае аттуу аял бу жолу өзгөчө ыкылас менен добуш бергенин,мынчалык элди мурдагы шайлоодо көрбөгөнүн,алардын ичинде аялдар өзгөчө көп болгонун маалымдады.

Шайлоочулардын активдүүлүгү реформисттер үчүн өтө зарыл эле. Мунун бир жүйөөсүн түшүндүрүп, жаңычылдар жаатынын өкүлү Али Моалем бүллүтөн таштаганы келген шайлоочулардын саны 70 проценттен ашса, добуштардын жыйынтыгын бурмалаганга "хомейнисттердин" буямасы келбей каларын белгиледи.

Тегерандык аналитик Манучехр Азизи да шайлоочулардын өзгөчө активдүүлүгүнө Ахмединежадды экинчи мөөнөткө өткөргүсү келбеген мүдөө түрткү болду деген ишениминде.

Канткен күндө да Ирандагы быйылкы шайлоо көп жагынан өзгөчөлүү болду. Байкоочулар аны тоталитардык режим кешпириндеги жаалдуу авторитаризм менен тастайып,көп түстө кулпуруп таасын көрүнгөн демократиялык белгилердин кошундусунан турганын айтышууда.

Добуш берүүгө бир апта калганда өлкөнүн ири шаарлары менен калаалары буркан-шаркан түшүп, казандай кайнап турду. Башкы атаандаштар өздөрүнүн он миңдеген тарапкерлерин көп саатка созулган митингдер менен демонстрацияларга алып чыкканга жетишти. Биринчи ирет талапкерлер телеканалда миллиондогон адамдардын көз алдында аянбай талашып-тартышышты. Интернет агитациянын башкы куралына айланды. Өлкөдө үч миңден ашуун блоггерлер, жалпы интернет жамаатынын 90 проценти реформист Мусавиге иштеди.

Ушул жана башка жактарынан алганда иран демократиясы постсоветтик дээрлик бардык өлкөлөрдүн саясий системасына караганда алда канча жандуу жана реалдуу болуп көрүндү. Бул жерде президенттер бийликти өз "мураскерлерине" же балдарына өткөрүп бере албайт. Башкаруучу партиялар парламентти окуппациялап алалбайт,алар көпчүлүктү түзгөн күндө деле өкмөттүн чечимдерин шакылдатып мыйзамга айланткан "машина" болуп калбайт. "Хомейнисттер" азыраак үстөмдүк кылган межилис, мисалы, былтыр ошол эле Ахмединежаддын реформалык планын жаратпай таштады.

Эң башкысы – иран шайлоочулары мамлекеттин саясий практикасына кадыресе таасир көрсөтө алат.

Ошол эле учурда Иранда президент мамлекеттик бийлик "шатысында" экинчи орунда турган кызмат. Президентти жана парламентти, ошондой эле сот системасын клерикалдык режим көзөмөлдөп турат. Режимди жолбашчы – рахбар же факих – жетектейт. Аны эл эмес, 86 аятолла-юристтен турган атайын кеңеш шайлайт, диний адый көзү өткөнчө бийлик жүргүзөт.

Армия, полиция, "ислам конституциясынын сакчылары" аятоллага баш иет,анын көрсөтмөсү менен өкмөттүн, парламенттин,соттун чечимдерин жокко чыгарып же өзгөртүп кое алат.

Байкоочулар менен эксперттер Ирандагыдай саясий жана коомдук система эч жерде эч качан болгон эмес дешет. Иран демократиясынын чоң табышмагын да ушундан көрүшөт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ирандык жаштар шайлоого жандуу катышты



Видео тасма. Ирандык жаштар шайлоого жандуу катышты

Иранда жума күнү (2009-жылдын 12-июнунда) өткөн президенттик шайлоого өлкө жаштары жигердүү катышты. Рөйтерс кабар агенттигине берген маегинде алардын өкүлдөрү шайлоого олуттуу саясий маани берээрин ачыкташты.