Ооган өкмөтүнө каражат жагынан Тегеран каралашып жатканын Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү тастыктады. Муну кечээ ооган президенти Хамид Карзай да ырастап, өз кеңешчилери жардам иретинде ирандыктардан накталай акча алып келатканын моюнга алган эле. Бул фактыны "Нью-Йорк таймс" гезити жазып чыккан болчу.
"Нью-Йорк таймс", атап айтканда, конкреттүү бир фактыны келтирет: былтыр августта Хамид Карзайдын Тегерандагы визити аяктап жатканда Ирандын Кабулдагы элчиси Феда Хусейн Малики ооган президентинин кеңсе башчысы Умар Даудзайга бир кап накта акча - евро берген. Гезиттин Кабулдагы жана Батыш өлкөлөрүндөгү булактары иран акчасы ооган саясатчыларына, уруу башчыларына, атүгүл талиптердин командирлерине бөлүштүрүлүп берилерин ырасташкан.
"Ооганстан - өз ишин жакшы билген өлкө, жардам көрсөтүп жатканы үчүн биз Иранга ыраазыбыз, Умар Даудзай менин көрсөтмөмө ылайык бул жардамды алып турат",-деп тастыктады Карзай дүйшөмбү күнү Кабулдагы маалымат жыйынында.
Ооган президенти моюндагандай, анын кеңсеси Тегерандан жылына 700-975 миң доллар өлчөмүндө акча алат. "Бирок бул ырасмий жардам,анын үстүнө президент кеңсесине көмөк иретинде бизге дос-санаалаш ар түрдүү өлкөлөр накталай акчадан каралашып турат. Кошмо Штаттары да ушундай тартипте биздин айрым органдарга жардам берет", -деп ырастады Карзай.
"Ирандын Ооганстанга финансылык жардам көрсөткөнгө, Ооганстандын андай жардам алганга укугу бар экенин биз тангыбыз келбейт, - деп билдирди АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Филипп Кроули. – Бирок бизге оогандыктар коңшулардын терс таасири астында калбай, өз келечегин өздөрү туура аныктаганы маанилүү".
Пентагондун өкүлү Жефф Моррелл бул ишке таң калган жок. Иран Ооганстанда кооп-козголоңго салым кошуп жатканын эске алганда Карзайдын кеңсеси коңшусунан акча алаары башынан эле маалым болчу.
Дүйшөмбү күнү Ирандын Кабулдагы элчилиги "Нью-Йорк таймстагы" макаланы караманча төгүндөп, гезит келтирген фактыларды ары "күлкү келтирген", ары "мазакчыл" маалымат таризде баалаган болчу. "Түккө турбаган мындай каралама кабарларды Батыштагы айрым маалымат каржаттары атайылап таркатып жатышат. Алар коомчулуктун башын маң кылып, Ооганстан ислам республикасы менен Ирандын өкмөттөрү жана элдери ортосундагы бекем байланыштарга зыян келтирүүнү көздөп жатышат",- деп айтылган элчиликтин билдирүүсүндө.
Шейшемби күнү Тегеранда тышкы иштер министрлигинин өкүлү иран өкмөтү ооган элине финансы жагынан "каралашып" жатканын тастыктады. Бирок көрсөтүлүп жаткан көмөктүн көлөмү туурасында эчтеме айткан жок. Болгону "Тегеран коңшулаш өлкөдөгү жайчылык жагдайдын сакталышына кызыкдар экенин" гана кошумчалады.
"Нью-Йорк таймстын" маалыматтарына ылайык, Карзайдын кеңсе башчысы менен жардамчылары ирандыктардан нак акча түрүндө алып жаткан айлык жардамдын өлчөмү болжолдо 1-2 миллион долларга барабар болушу мүмкүн.