Ингушетияда террорчулукка каршы операция жүрүүдө

12-октябрда Ингушетияда атайын операция башталды. Жумуриятта өткөн түнү башталган атышуудан бери дегенде төрт согушкер жана эки милиция кызматкери окко учканы кабарланууда. Эртең мененки саат 6дан тарта сунжендик райондун беш кыштагына террорчулукка каршы операция киригизилгени жарыяланган.
Ингушетиянын Федералдык Коопсуздук кызмат жетекчисинин өкүлү “Новости” маалымат агенттиги аркылуу тараткан маалыматта белгисиз куралчан топ Датых, Чемулга, Алкун кыштактары жана Несторовск станциясынын жанынан кол салышканы айтылат.

Ок атышуу маалында эки милиция кызматкери жана алты согушкер набыт болду. Көп өтпөй убактылуу аскердик топ жана анын штабы түзүлдү. Террорчулукка каршы күрөш эрежесине ылайык, ал жерде жашаган тургундарга ары-бери жүрүүгө тыюу салынды. Анын катарында документин текшерип, унаасын, үйүн тинтүүгө жол берилет.

11-октябрда Ингушетияда муниципалдык бийлик өкүлдөрүн шайлоо өткөн.

Үстүдө жылдын жазында Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун демилгеси менен ал жумуриятта террорчулукка каршы күрөш (КТО) режими алынып салынган. Бирок террордук актылар дагы эле уланганга байланыштуу андай тартип ар кайсы жерлерде маал-маалы менен киргилизилип турат.

Ингушетияда эң ири террордук чабуул 22-июнда жумурият башчысы Юнус-Бек Евкуровго кол салуу учурунда болгон. Ал Москвада дарыланып жатканда 17-августта Назран шаарынын РОВД имаратында жардыруу болгон. Бул кол салууларда баш-аягы 25 киши курман болуп, 133 киши жарадар болду.

Ал арада Дагестандын борбору Махачкаланын түштүк-батышында белгисиз бирөөлөр жардыргыч зат коюп кеткен түнү темир жол түйүнүн талкалап кетишкен. Ал эми «Азаттыктын» Түндүк Кавказдагы кабарчысы Тимур Салимовдун маалыматы боюнча, «Кавказ» кан жолу менен келаткан энергетиктердин унаасын кимдир бирөөлөр аткылашкан. Натыйжада сегиз киши ар кыл деңгээлде жарадар болушкан:

- “Дагэнерго” компаниясынын үч коопсуздук кызматкери унаа аткыланганда ошонун ичинде болушкан. Арасында эки жашар бала жана милиция кызматкери да бар.

Серепчилер Түндүк Кавказда азыр миңдеген кишилер Орусиядан калканч үмүт этпей калгандыгын белгилешет. Дагестан, Чеченстан жана Ингушетияда дегинкиси жаштар Орусияны душман көрүп калган. Алар үчүн Доку Умаров нагыз боштондукка чыгаруучу лидер болуп кала берүүдө. Мындай ойду «Русский репортер» басылмасынын журналисти Александр Буртин айтат:

- Алар кайрадан ойлонушу керек. Алар өздөрүнүн Орусияда жашап жатканын түшүнүп, Орусияда да тынч жашай аларына ишениши керек.