Германия канцлери Ангела Меркел жума күнү Вашингтондо президент Барак Обама менен кездешет. Бул эки лидердин бир жылга жетпеген аралыктагы үчүнчү жолугушуусу. Тез-тез кездешүүлөргө карабай, АКШ-Германия ортосунда экономикалык саясат жана башка маселелер боюнча ажырым өсүүдө. Буга, серепчилердин баамында, баарынан да Германиянын Россия менен болгон мамилеси таасир этүүдө сыягы.
Кремль Штайнмайерге эмнеге ашыкча сый көрсөттү?
Вашингтондогу кездешүүдө кийин президент Обама жана канцлер Меркел Россиянын лидерлери менен июлда болчу сүйлөшүүгө камдана башташат. Барак Обама 6-июлда Москвага президент ирети биринчи ирет барып, президент Дмитрий Медведев менен жолугушат. Ангела Меркел Медведев менен 16-июлда Мюнхенде өтчү эки өлкө аралык “Петербург диалогунда” сүйлөшөт. Россияменен мамилени оңдоп түзүүнү каалаган Обаманын администрациясына Москванын тарыхый союздашы Германия көмөктөшсө болчудай. Бирок, глобалдык финансылык кризиске каршы күрөшүү, Гуантанамо туткундарынын келечеги жана башка маселелерге байланыштуу келишпестиктер Меркел менен Обаманын эриш аркак иштөөсүнө мүмкүндүк берчүдөй эмес. Мындан пайдаланып, Москва акыркы жумаларда Берлин менен мамилесин дагы бекемдеп алганга аракет кылды.
Ай башында Москвага барган Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер план боюнча россиялык коллегасы Сергей Лавров менен гана жолукмак. Бирок, Штайнмайер мекенине кайтар алында, президент Медведев жана премьер-министр Путин мартабалуу конок менен жекеме-жеке жолугушту.
Акыркы айларда Германия жана Россия экономикалык мамилелерин да бекемдөөдө. Жазда немецтердин атактуу “Сиеменс” фирмасы
Штайнмайер Москвага барганда Россияны “тартиптүү” өнөктөш” деп сыпатап, эки жактуу кызматташууну –“кызматташуунун үлгүсү” деп атады.
Констанзе Штелзенмюллер - Берлиндеги “Германия-АКШ” Маршал фондунун директору. Анын айтышынча, Россия “сүйүүсүн ачык көрсөтүп жатса да”, Германия кучагын жайбай, четтеп турат. Бул айрыкча Россия былтыр Грузияга басып киргенде ачык көрүндү, дейт Штелзенмюллер:
– Былтыр августтагы Грузия кризиси Германиянын тышкы саясатындагы “көзү ачылган” учур болду деген ишеничтемин. Бурулуш жасоо үчүн бир канча мезгил керек. Бирок, бурулушту азыр эле көрүүгө болот деп ойлом. Россиянын бирде ылдам жана пассивдүү, бирде агрессивдүү риторикасы жана тышкы саясаты (Германияга) жаккан жок. Алар (Россия) оюнда бар утканын уткуруп жатат.
Саясатта символдор да маанилүү...
Былтыр күздө Медведевдин Польша менен Чехияда АКШнын ракетадан коргонуу системасы жайгаштырылса, россиялык ракеталар Европага багытталат деп коркутканын Германия ачык эле сындаган. Германиялык ырасмий адамдар Москва менен кызматташуу бир аз “модернизацияланып” жатканын, ал эми стратегиялык кызматташуу жөнүндө кеп жок экенин үзбөй эскертип келишет.
Штелзенмюллер айым Германиянын этияттыгынын дагы бир белгиси катары тышкы иштер министри Штайнмайердин Москвадагы визити учурунда көзкарандысыз “Новая газетанын” кеңсесине баруусун жана абакта отурган мурдакы олигарх Михаил Ходорковскийдин адвокаты менен жолукканын айтат.
Штайнмайердин “Новая газетага” барганы жана Ходорковскийдин адвокаты менен жолукканы, Штелзенмюллер айымдын сөзүнчө, немец өкмөтү жогорудагыдай сын пикирден жакшы кабардар экенин күбөлөйт:
- Мен бул фактынын маанисин төмөндөткүм келбейт. Анын символикалык таасири бар. Бул Меркел айым Москвага канцлер ирети барган биринчи визитти эске салат. Ал ошондо адам укугун коргоочулардын өкүлдөрү менен ачык эле кездешкени коомчулукка күчтүү таасир калтырган. Саясатта символдор маанилүү болгондуктан, аларга көңүл бурбай койууга болбойт.
Германия-Россия арасында эч кандай проблема жок деген серепчилер да бар. Алардын бири - россиялык илимпоз Владислав Белов. Анын пикиринче, Германиянын Москванын бир катар демилгелерин, анын ичинде Медведевдин Евро-Атлантикалык коопсуздуктун жаңы архитектурасы жөнүндөгү жана Евробримдиктин 1991-жылы кол коюлган Энергия хартиясын алмаштыруу сунушун колдогону эки өлкөнүн үзүрлүү кызматташуусунун мыкты далили.
Жаңы энергия хартиясы, Москванын ырасташынча, жыл сайын Киев менен газ боюнча болуп келаткан чатак сыяктуу талаштуу маселелердин алдын алууга мүмкүндүк берет. Евробримдик сунушка каршы экенин билдирген.
Вашингтондогу кездешүүдө кийин президент Обама жана канцлер Меркел Россиянын лидерлери менен июлда болчу сүйлөшүүгө камдана башташат. Барак Обама 6-июлда Москвага президент ирети биринчи ирет барып, президент Дмитрий Медведев менен жолугушат. Ангела Меркел Медведев менен 16-июлда Мюнхенде өтчү эки өлкө аралык “Петербург диалогунда” сүйлөшөт. Россия
"Саясатта символдор маанилүү болгондуктан, аларга көңүл бурбай койууга болбойт."
К.Штелзенмюллер
Ай башында Москвага барган Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер план боюнча россиялык коллегасы Сергей Лавров менен гана жолукмак. Бирок, Штайнмайер мекенине кайтар алында, президент Медведев жана премьер-министр Путин мартабалуу конок менен жекеме-жеке жолугушту.
Акыркы айларда Германия жана Россия экономикалык мамилелерин да бекемдөөдө. Жазда немецтердин атактуу “Сиеменс” фирмасы
"Opel Antara" автомобилин "General Motors" компаниясына таандын "Арменал" заводунда жыйноо. Санк-Петербург. 2007
Франциянын өкмөттүк “Areva” компаниясы менен кызматташуусун токтотуп, Росатом менен келишим түздү. Жакында эле немец өкмөтү АКШнын “General Motors” автоконцеринен “Opel” жеңил машинелерин жасоочу бөлүгүн сатып алуу максатында Россиянын “Сбербанкы” жана “ГАЗ” автобирикмеси кирген концорциум курду. Штайнмайер Москвага барганда Россияны “тартиптүү” өнөктөш” деп сыпатап, эки жактуу кызматташууну –“кызматташуунун үлгүсү” деп атады.
Констанзе Штелзенмюллер - Берлиндеги “Германия-АКШ” Маршал фондунун директору. Анын айтышынча, Россия “сүйүүсүн ачык көрсөтүп жатса да”, Германия кучагын жайбай, четтеп турат. Бул айрыкча Россия былтыр Грузияга басып киргенде ачык көрүндү, дейт Штелзенмюллер:
– Былтыр августтагы Грузия кризиси Германиянын тышкы саясатындагы “көзү ачылган” учур болду деген ишеничтемин. Бурулуш жасоо үчүн бир канча мезгил керек. Бирок, бурулушту азыр эле көрүүгө болот деп ойлом. Россиянын бирде ылдам жана пассивдүү, бирде агрессивдүү риторикасы жана тышкы саясаты (Германияга) жаккан жок. Алар (Россия) оюнда бар утканын уткуруп жатат.
Саясатта символдор да маанилүү...
Былтыр күздө Медведевдин Польша менен Чехияда АКШнын ракетадан коргонуу системасы жайгаштырылса, россиялык ракеталар Европага багытталат деп коркутканын Германия ачык эле сындаган. Германиялык ырасмий адамдар Москва менен кызматташуу бир аз “модернизацияланып” жатканын, ал эми стратегиялык кызматташуу жөнүндө кеп жок экенин үзбөй эскертип келишет.
Штелзенмюллер айым Германиянын этияттыгынын дагы бир белгиси катары тышкы иштер министри Штайнмайердин Москвадагы визити учурунда көзкарандысыз “Новая газетанын” кеңсесине баруусун жана абакта отурган мурдакы олигарх Михаил Ходорковскийдин адвокаты менен жолукканын айтат.
Михаил Ходорковский жана Платон Лебедев Москва сотунун ок өтпөс айнек "торунун" ичинде.31-март 2009-жыл.
Штайнмайер Ходорковский саясый жүйөдөн улам камалганы үчүн Кремлди сындабаганы үчүн Германияда катуу сынга кабылган. Берлиндин орус газына болгон көзкарандылыгы региондогу адеп-ахлактын өрнөгү эсептелген өлкөнүн кадыр-баркына көлөкө түшүрүүдө, дешет Германиянын ички жана тышкы сынчылары.Штайнмайердин “Новая газетага” барганы жана Ходорковскийдин адвокаты менен жолукканы, Штелзенмюллер айымдын сөзүнчө, немец өкмөтү жогорудагыдай сын пикирден жакшы кабардар экенин күбөлөйт: