Москва Берлиндин дооматын четке какты

Зелимхан Хангошвили киши колдуу болгонго чейин Германияда качкын катары үй-бүлөсү менен баш калкалап жаткан.

Германиядагы орус элчиси немис прокурорлорунун чечен тектүү грузин жараны Зелимхан Хангошвили тууралуу дооматын четке какты.

Анын алдында Германиянын көзөмөлдөөчү органы бир жыл мурда Берлинде киши колдуу болгон "Хангошвилинин көзүн тазалоого орус бийлиги буйрук берген" деп билдирген.

Маркум убагында чечен жикчилдеринин кол башчысы болгон жана грузин полициясында иштеп, террорчуларга каршы атайын операцияларга катышкан.

Хангошвили киши колдуу болгонго чейин Германияда качкын катары үй-бүлөсү менен баш калкалап жаткан.

Орусиянын Германиядагы элчиси Сергей Нечаев немис прокурорлорунун соңку билдирүүсүн "негизсиз жана курулай доомат" деп атады.

Дагы караңыз «Bellingcat»: Берлин киллери ФСБга баш ийген

Анын билдирүүсүндө "Хангошвили орусиялык мамлекеттик түзүмдөрдүн буйругунун негизинде өлтүрүлгөн деген бүтүм эч кандай фактылар жана далилдер менен ырасталган эмес" деп жазылган. "Кылмышты иликтөөгө Москва жардам берген жок" деген сөздөрдү төгүндөгөн. Элчи эгер немис бийлиги Москвага каршы чараларды көрсө, орус тарап дагы жөн карап турбасын эскерткен.

18-июнда немис прокурорлору Хангошвилинин өлтүрүлүшү боюнча Орусиянын "Вадим К." аттуу жаранына айып тагылганын билдирген. Ага ылайык, кылмышка шектүү "киши өлтүрүү" жана "курал-жарак мыйзамдарын бузуу" боюнча күнөөлөнүп жатат.

Германиянын көзөмөлдөөчү органы орус бийлиги "Хангошвилинин көзүн тазалоого буйрук берген" деген.

Кезинде чечен жикчилдеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташкан Хангошвилини былтыр 23-августта Берлинде атып кетишкен. Кылмышка шектүү катары Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Кийинчерээк ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени ашкере болгон.

"The Insider" басылмасы жана "Bellingcat" уюмунун иликтөөчүлөрү Хангошвилинин өлүмүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштуруп, ишке ашырганын билдирген.

Дагы караңыз Европадагы кылмышкердин кыргыз паспорту

"The Insider" басылмасынын башкы редактору Роман Доброхотовдун ырсташынча, Вадим Красиков Европага барардын алдында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) "Вымпел" атайын бөлүмүндө даярдыктан өткөн:

"Алгач Парижге, андан кийин Берлинге келердин алдында "Вымпелде" бир канча ай машыгуудан өткөн. Буга байланыштуу толгон-токой далил, анын ичинде ага чек арадан өткөндө көрсөткөн паспорту да бар. Эгер ал жөн гана бандит болгондо мунун баарын жасай алмак эмес. Анткени, анын колунда башка адамдын аты-жөнү жазылган, бирок атайын кызмат берген чыныгы паспорт болгон".

Хангошвилинин өлтүрүлүшү немис-орус алакасын сынаган окуялардын бири болуп калды. Германия ушул окуядан кийин эки орус дипломатын өлкөдөн чыгарган. Орусия да дароо эле кудум ушундай жооп кайтарган.

Дагы караңыз Берлин менен Москвага жик салган өлүм


Орус президенти Владимир Путин Хангошвили тууралуу суроолорго бир канча жолу жооп берген. Былтыр жыл аягында Парижде «Норманд төрттүгү» форматындагы саммиттен кийинки басма сөз жыйынында аны «мыкаачы, канкор» катары сыпаттап, терактка айыптаган. Путин "Хангошвилинин киши колдуу болушуна Москванын тиешеси жок" деп билдирген:

"Издөөдө жүргөн. Мыкаачы согушкер болгон. Ал катышкан акциялардын биринде эле 98 адам өлтүрүлгөн. Москва метросундагы жардыруунун уюштуруучуларынын бири. Мен ал эмне болгонун билбейм. Бул бандиттик чөйрө, ал жакта баары болушу мүмкүн".

Хангошвили үй-бүлөсү менен Германияга көчүп келгенге чейин Грузияда Ички иштер министрлигинин террорго каршы бөлүмүндө иштеген жана 2012-жылы Лопото капчыгайындагы жоочуларга каршы атайын операцияга катышкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​