6-майда “Нью-Йорк Таймс” гезити “мурдагы үч дипломат Грузиядагы жаңы согуштун алдын-алуу” өтүнүчү менен АКШга кайрылышканын жазып чыкты.
Бул экс-дипломаттар расмий Москва аскердик күчүн кубаттандырып жатканын ырастап, 2008-жылы августта Орусия-Грузия согушу аягына чыкпай калган деп кооптонушат жана Батыш жаңы зордук-зомбулукту алдын-алышы керектигин эскертишет. Алар: АКШнын Грузиядагы мурдагы элчилери Уиллиям Кортни, Кенет Яловиц жана Еврокомиссиянын Грузиядагы мурдагы элчиси Денис Корбой. Жакында эле Денис Корбой Тбилисиде болуп, “Азаттык” үналгысынын Грузин кызматына маек курду.
Денис Корбой мырзага узаткан алгачкы суроосунда “Азаттыктын” кабарчысы “Нью-Йорк Таймс” гезитине мындай билдирүү менен чыгууларынын себебин сураган. Денис Корбойдун айтымында, Орусияда ушул жайдын этегине чейин Грузияга кол салышы ыктымал деген ишара-белгилерди көрүшүп, ушундан улам өз тынчсызданууларын Вашингтонго билдирүүнү туура көрүшкөн.
“Азаттыктын” кабарчысы Корбой мырзадан бул ишараларды эмнеден көрүп жатканын сураганда, мурдагы элчинин жообу мындай болгон:
- Мындай ишаралар көбөйүүдө. Өзүңөр билгендей, орус армиясы Абхазия менен Түштүк Осетиянын чек араларында жайгаштырылган. Бирок, эгерде сиз алардын курал-жарактарын жакшылап карап көрсөңүз, алар чек араны кайтаруу үчүн керек болгон куралдар эмес. Ал жерде согуш үчүн керектүү куралдар көптүк кылат.
Мындан сырткары Орусия НАТОнун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында Грузияда өткөргөн машыгууларына абдан каршылыгын көрсөттү. Бирок Орусия бул машыгуулар эч кандай коркунуч жаратпаганын мыкты билет.
Андыктан биз өтө коркунучтуу кырдаал жаралып жатканын эл аралык коомчулукка жеткирип коюуну туура көрдүк. Грузиянын өзүндө бул кризисти жакшы аңдабай жатышат. Эгерде кагылышуулар болуп кетсе, бул 1991-жылы Грузия көз карандысыздык алгандан берки олуттуу кризис болуп калат.
Денис Корбойдун сөздөрүнөн улам “Орусия Грузияда кандай максатты көздөйт?” деген суроо жаралат. Же Орусия болгону бул аймакта таасирин сактап калууга аракет жасап жатабы?
- Орусиянын негизги максаттарынын бири – Каспий деңизинин эки тарабындагы тең энергия байлыктарын өз көзөмөлүнө алуу.
Ошентип расмий Кремл Түштүк Кавказда саясий вето укугуна ээ болууну каалайт.
Денис Корбойдун баамында, өткөн жылы августта Орусия менен Грузия ортосундагы кагылышууну мурда болжолдоого мүмкүн болчу:
- Август окуяларынын түпкү себептерине үңүлө карасак, аны жайбаракат көз алдыңан тасма сыягы өткөрүп көрмөкмүн. Бардыгы Орусия бир нерсе даярдап жатканын билчү. Биз Грузиянын элет тургундары кыйынчылыкка тушукканын билчүбүз. Эми Абхазия жана Түштүк Осетиянын чек арасында жайгаштырылган орус аскерлери грузин жоокерлери менен жаңжал баштоо үчүн оңой-олтоң эле себеп таап, согуш баштай алат. Андан соң Грузияны жаңжалды биринчи болуп баштады деп айыптап коеру шексиз.
Андыктан биз Вашингтондогу аткаминерлерге өз тынчсыздануубузду жеткирүүгө аракет жасап жатабыз. АКШ жана Европа Советтер Союзу урагандан кийин пайда болгон эгемен өлкөлөрдү коргоо саясатын жүргүзүп келет. Ошон үчүн биз Грузиянын коопсуздугун сактоо үчүн бир жол табышыбыз керек.
Денис Корбойдун айтымында, грузин бийлиги өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн олуттуу саясий реформаларды ишке ашырышы керек.