Нино Буржанадзе: “Грузия эл аралык коомчулуктун жардамына муктаж”

Нино Буржанадзе

Өткөн жылы августта дүйнө коомчулугу Грузияда орун алган окуяларды көз жаздымда калтырбай, абдан кунт коюп байкоо салган. Бирок бул жылы анчалык көңүл бурулбаса да, Грузияда андан да жаман кризистик кырдаал түзүлүп калышы ажеп эмес. Грузин оппозициясынын лидерлеринин бири Нино Буржанадзе “Азаттык” үналгысына жазган серебинде “демократия деген сөзгө жамынып, авторитардык бийликти орноткон бир гана адамдын аракеттеринен улам Грузия демократиялык дүйнөнүн картасынан жоголуп кетиши мүмкүн” деп айтат.
“Президент Михаил Саакашвилинин аракеттери Грузияны демократияга эмес, туңгуюкка кептеди” деп баштайт өз серебин Нино Буржанадзе. “Биз акыркы 20 жылдан бери улут катары эркиндик жана Батышка ыктаган багыт үчүн күрөшүп келдик. Ушундан улам демократиялык реформаларды Батыштын талаптарына ылайык жүргүзүү жүйөө менен өзгөчө олуттуу кылмыштарды жасоо – акылга сыйбаган көрүнүш” дейт Буржанадзе.

2001-жылдан 2008-жылга чейин Грузиянын парламентинин төрайымы болгон Нино Буржанадзе өз серебинде эркин жана таза шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү жоголуп, грузин эли өз талабын көчө демонстрациялары аркылуу жеткирүүгө мажбур болуп калганын белгилейт.

Нино Буржанадзенин пикиринче, Грузиянын достору коркунуч өлкөнүн ичинен эмес, сыртынан жаралууда деп эсептейт. Чындыгында эле Грузиянын түндүгүнөн коркунуч бар, дейт Буржанадзе айым. “2008-жылы августтагы окуялардан кийин президент Михаил Саакашвили согушту кайрадан баштап, жеңишке жетишүүгө аракет кылат. Мындан сырткары Саакашвили Орусия факторун саясий атаандаштарына каршы колдонуп келет. Мисалы, үн чыгарып, баш көтөргөндөрдү Саакашвили Орусиядан каржылык жардам алып келет деп айыптаганды жакшы өздөштүрдү" деп жазат өз баяндамасында Нино Буржанадзе.

Грузин оппозициясынын көрүнүктүү лидерлеринин бири Буржанадзе айым өз серебин географиялык “тарых көрсөткөндөй, Грузия алсыраган сайын Орусиядан келген коркунуч да жогорулайт. Ал эми азыркы бийлик Грузияны геосаясий, экономикалык жана социалдык жактан алсыратты” деген сөздөр менен улантат.

Буржанадзенин айтымында, Саакашвили оппозицияны Орусия менен тыгыз байланышта деп айыптаганы менен, өзү, тескерисинче, Кремлдин кызыкчылыктары үчүн аракеттенүүдө.

“Саясий кризистен сырткары грузин элин экономикалык кризис да оор абалда калтырды” деп жазат Нино Буржанадзе. Буга кошумча грузин элин жоопкерчиликсиз, демократиялык жолдон четтеген, экономиканы калыбына келтирүүнү ойлобогон бийлик башкарат” дейт оппозиция өкүлү.

Анын айтымында, эл аралык коомчулук Тбилисинин көчөлөрүнө чыккан 100 миңдеген грузиндин үнүн угушу зарыл. “Биз эркиндик, демократия жана тагдырыбызды өз колубузга алуу үчүн күрөшүп жатабыз” дейт оппозициянын өкүлү.

Өз серебинде Буржанадзе “Грузия өз аймагынын 20 пайызынан ажырады, согуштан кийин экономикалык абалыбыз жана коопсуздугубуз оор абалда калды” деп кошумчалайт.

“Биздин саясатчылар эмес, грузин калкы эл аралык коомчулуктун көңүл буруусуна муктаж. Грузиянын жакшы достору кырдаалды жакындан иликтеши керек. Грузия жана грузин эли жардамга муктаж” деп аяктайт өз серебин Нино Буржанадзе.

P.S. Нино Буржанадзе – 2001-жылдан 2008-жылга чейин парламенттин төрагасы болуп иштеген. Өткөн жылы күзүндө оппозициялык “Бириккен Грузия” аттуу кыймылды негиздеген.

Бул серепте айтылган пикирлер сөзсүз эле “Азаттык” үналгысынын көз-карашын туйундурбайт.