Израиль Газаны аткылап жатат

Палестиналык өспүрүм Газадагы кыйраган имараттын жанында, 27-декабрь, 2008.

Эки күндөн бери Израиль Газага абадан сокку урууда. Израил буга тынчтыкты бузган палестин жикчил топтору жооптуу дейт. Улуттар уюму жана дүйнө лидерлери эки тарапты тең кан төгүүнү токтотууга чакырышты.
Газаны бүгүн да абадан урулган чабуулдардан кийинки капкара түтүн каптап турат. Израиль эки күндөн бери Газаны абадан соккулоодо. Бирок жөөт аскерлери Газада ХАМАСтын гана объектилерин жардырып жатышканын айтышты.

Ал аралыкта Газанын көчөлөрүндө, ооруканаларда абал начарлап баратканы байкалат. Догдурлар жаракат алгандарды ооруканага жайгаштырууга орун таппай кыйналышууда. Палестиналык догдурлардын айтымында, 271 адам набыт болду, жаракат алгандар жүздөп саналат. Өлгөндөрдүн көбү ХАМАСтын мүчөлөрү, бирок арасында Газанын жөнөкөй тургундары да бар.
Азыр согуша турган учур...


ХАМАС 2006-жылкы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен, 18 айдан бери Палестинада бийликте турат. Жакынкы Чыгыштагы тынчтык боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан мамлекеттер жана уюмдар көбүнчө бул топту Израилди таануудан жана атышууларды токтотуудан баш тартып келатканы үчүн айыпташат.

Топтун лидери Исмаил Хания «Палестина мындай массалык кан төгүүнү эч көрбөгөнүн» билдирди. Анын айтымында, эми ХАМАС Израилдин ичинде жанкечти жардырууларын күчөтөт.

Израилдин Коргоо министри Эхуд Барак «тынчтыктын жана согуштун мезгилдери болот, - деди. - Азыр согуша турган учур». Газада абал дагы курчуп, гуманитардык жагдай начарлайт деген кооптонуу бар.

Ушул учурда дүйнө коомчулугу: Бириккен улуттар уюму, Европа Биримдиги, Ватикан, Орусия менен Франция атышууларды токтотууга чакырышууда.

Израилдин жакын союздашы АКШ болсо ХАМАСты тынчтыкты бузуп, биринчи болуп Израилге ракета атканы үчүн айыптады.

Вашингтондун расмий өкүлү Гордон Жондроу: «ХАМАС Израилге ракета атканын токтотушу керек. АКШ тынчтыктын бузулушу үчүн ХАМАСты айыптайт. Азыр тезинен атышуулар токтотулушу зарыл. АКШ, ошондой эле, Газадагы гуманитардык абалга да өтө кыжаалаттыгын билдирет. Бул жаатта иштеген баардык тараптар тезинен газалыктарга жардам жеткирүүлөрү лаазым», - деди Гордон Жондроу.

Арап Лигасы болсо абалды талкуулоого келерки аптанын шаршембисинде чогулмай болду.