Лондондо "жыйырмалыктын" жыйыны жүрүп жатат. Лидерлер азыркы дүйнөлүк кризис менен күрөшүү ыкмаларын талкуулашууда. Жыйындын жыйынтыктары бүгүн кечинде жарыяланат.
Жыйындын катышуучуларына корутунду документтин бир нече долбоору таркатылды. Мунун өзү сунуш кылынган түйүндүү чаралардын түгөл баары эле "жыйырмалыктын" ичинде текши колдоого ээ болбогонун каңкуулайт.
Деген менен Британиянын премьери Гордон Браун таркатылган текстти бардык тараптардын ортосундагы жогорку деңгээлдеги мунасанын жана макулдашуунун далили катары баалады. Анын алдында АКШ президенти Барак Обама да "жыйырманын" мүчөлөрү арасында олуттуу пикир келишпестиктер жок экенине ишендирген эле.
Шаршемби күнкү маалымат жыйынында экономикага дем берүү максатында өкмөттүк чыгымдарды көбөйтүү тууралуу АКШнын позициясына Франция менен Германия каршы чыгышкан болчу. Эки өлкө тең финансы чөйрөсүн көзөмөлдөөнүн бекем чаралары зарыл деп көрсөтүшкөн.
Президент Николя Саркози атүгүл дүйнөлүк финансы системасын кайра түзүү чечимин "талкууга жатпай турган маселе" катары кабыл алуу талабын койгон. Лондон жыйынын ал жаңы дүйнө түзүүнүн "тарыхый удулу" жана "XXI кылымдагы экономикалык системанын түбүн түптөө мүмкүндүгү" деп атап, аны колдон чыгарып жибергенге болбой турганын эскерткен.
Канцлер Ангела Меркел "экономикалык кризис – табигый кырсык эместигин,ал адамдар өздөрү жасаган каталыктардын салакасы экенин" баса бөлүп көрсөткөн.
Маалымдар айрым булактар ырасташкандай, Париж менен Берлиндин бул талаптары корутунду документке киргизилди.Эгер ушунусу чын болсо,анда бул дүйнөдө соңку жыйырма жыл ичинде үстөмдүк кылган либералдык капитализмдин доору бүткөнүн билдириши мүмкүн.
Документте эң ири хедж-фонддорун көзөмөлгө алуунун шарттары да аныкталды. Ал эми "салыксыз бейиш" аталган өлкөлөр менен аймактарга каршы жазаналарды колдонуу жагынан жалпы бир пикир табылган жок. Бу маселе талкуулардын жүрүшүндө такталышы мүмкүн.
Жыйынга эл аралык валюта фондусуна чегериле турган капиталдын көлөмүн көбөйтүп, анын жалпы корун 500 миллиард долларга жеткирүү сунуш кылынган эле. Айрым булактар бул цифра 750 миллиард долларга жетиши ыктымал деп ырасташат. Аталган каражаттан азыркы кризистен өзгөчө жабыркаган өлкөлөр жардам алалат.
Долбоордо сунуш кылынган чаралар кандай формада сомолонуп, оңдолуп чыгат,мунун баары бүгүн кечинде жыйындын корутунду документи жарыяланганда дайын болот.