Франция НАТОнун бириккен аскерий командачылыгына кайра кирмекчи болду. Бул тууралуу шаршемби күнү президент Николя Саркози коргонуу маселелерине арналган Париждеги жыйында жарыялады.
Франция 1966-жылы НАТОнун аскерий командачылыгынан чыккан. Президент Шарл де Голл өз учурунда бул чечимин аскери иштерде АКШдан көз карандысыз болуу мүдөөсү менен түшүндүргөн. Ошондон бери Франция НАТОнун аскери структураларына кирбей, болгону анын саясий түзүмдөрүнө, мисалы, НАТО кеңешине мүчө болуп келатат. Алянстын аскери операцияларын пландоого да катышпайт, бирок 1995-жылдан бери аларга тартылып жүрөт.
“Мындай абалдан чыга турган мезгил жетти, - деп айтты Саркози Парижде “Франция, Европа коопсуздугу жана НАТО XXI кылымда” деп аталган конференцияны жаап жатып сүйлөгөн сөзүндө. – Бул Франциянын жана Европанын таламдарына төп келет”.
Франциянын алянска толук кемелде “кайра кошулушу өлкөнүн улуттук коопсуздугуна да коркунуч келтирбейт, өлкөнүн ядролук күчтөрүнө командалык кылуу НАТОнун контролдугуна берилбейт, алянстын операцияларына катышуу үчүн аскер контингентин жиберүү же жибербөө укугун Франция өзүндө сактап калат”.
Бирок алянстын аскери структурасына кайта кирип, Франция “салмактуу добушка ээ болот”. “Франция алянстагы бардык милдеттерин өзүнө алса, Европанын НАТОдогу таасири күчөйт, ошондо НАТО жалаң Кошмо Штаттары гана үстөмдүк кылган уюм болбой калат”,-деп ишендирди Саркози.
Бул пландын сынчылары болсо баары башкача болот деп ырасташат. Алардын айтымында, Париж Вашингтондун көзүн карап калат жана өзүнүн аскери чөйрөдөгү мыйзамдарын кайра жазып чыкканга аргасыз болот.
Коомдук пикирдин соңку көрсөткүчтөрүнө караганда француздардын 58 проценти Саркозинин бул планын жактырышат. Ошол эле учурда сурамжылоого тартылгандардын 37 проценти буга каршы экенин айтышкан.
Солчул көз караштагы көпчүлүк саясатчылар, атүгүл Саркозинин өз партиясындагы голлисттер да президенттин чечимин сынга алышууда. Оппозициядагы социалисттер партиясынын лидери Мартин Обри Франциянын алянска кайра кайтканы жатканын азыркы бийликтердин тышкы саясатында астамдык кыла баштаган “атлантизм идеологиясынан” көрөт.
Эл аралык мамилелер боюнча Европа кеңешинин эксперти Ника Уитни НАТОну “түзүлүшү жагынан балансташпаган уюм” катары мүнөздөйт. “Алянс башынан эле аны АКШ жетектеп,АКШ үстөмдүк кылгыдай кыяпта түзүлгөн”. Андыктан “трансатлантикалык кызматташтыкты НАТОнун ичиндеги эмес, Евросоюз менен АКШнын ортосундагы теңдемге ылайыктап курган пайдалуу болмок”.
Өкмөттүн чечими француз парламентинде 17-мартта колго салынат. Франциянын НАТОго толук кемелде кайра кошулганы эмдиги айдын башталышында алянстын 60 жылдык маараке жыйынында жарыяланат.