Евробиримдик Күн Чыгыш Кызматташтыгын жактырды

Еврокомиссиянын президенти Мануэл Бароссо Украинанын президенти Виктор Ющенко менен, Брюссел, 18-март, 2009-ж.

Европа биримдиги бүгүн мурдагы советтик алты өлкө, анын ичинде Азербайжан жана Беларус менен Күн Чыгыш Кызматташттык программасын жарыялады. Орусиянын кысымы күч алып жаткан чакта орток алакаларды кеңейтүүнү көздөгөн кызматташтык Украина, Грузия, Армения, Молдовага да сунушталды. Бирок мындай сунушта алты өлкөнүн Евробиримдикке кириш мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз айтылган эмес.

Брюсселдеги саммитинде 20-март күнү Европа лидерлери мурдагы СССРдин европалык тарабындагы алты өлкө менен кызматташттык программасын жарыялашты. Бирок Азаттыктын Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякастын билдиришинче, май айында Прагада өтө турган саммитке саясий реформалар жаатында көп сындалып келген Беларустун президенти Александр Лукашенконун чакырылаар-чакырылбасы тактала элек.

Күн Чыгыш Кызматташтыгынын тизмесиндеги Азербайжанда да соңку окуялар Европанын баш оорусун күчөтүүдө. 18-мартта бул өлкөдө өткөн конституциялык референдумга байланыштуу Европа Комиссиясынын өкүлү Азербайжан бул кеңештен чыгып калышы мүмкүн экендигин билдирди. Азаттык менен маегинде Европа кеңешинин жергиликтүү жана аймактык бийликтер курултайынын президенти Иан Микалефф буларга токтолду:

– Биз мурда эле эгер Азербайжан өкмөтү өзүнө алган милдеттерин аткарбаса, биз анын курултайдагы мүчөлүгүн убактылуу токтотуу үчүн зарыл болгон бардык иш-чараларды баштайбыз деп чечкенбиз.

Микалеф эгер Азербайжан курултайдан чыгып калса, өлкө Европа Кеңешинен да чыгып калышы мүмкүн экендигин эскертти.

Азербайжандагы референдумда президент Илхам Алиевдин өмүр аягына чейин улам кайра шайлана беришине жол ачкан өзгөртүү добуштардын 92 пайызы менен жактырылды. Микалефтин сөзү боюнча, мындай өзгөртүү шайланма президенттин диктаторго айланышына жол бербеген демократиялык түпнегиз жоболорго каршы келет.

Бирок өз чек арасынан чыгыштагы мамлекеттер менен кызматташттыкты бекемдөө зарылчылыгынан улам, Европа биримдиги анча катуу кете албайт.

Самиттин билдирүүсүндө кызматташттыктын өзөгүн "базар экономикасынын жоболору менен катар, орток баалуулуктар, анын ичинде демократия, мыйзамдуулук, адам укуктарын сыйлоо" түзөөрү айтылат. Бирок биримдиктин өкүлдөрү моюнга алгандай, "Европалык коңшулар саясаты" деп аталган буга чейинки демилгеге караганда, Күн Чыгыш Кызматташтыгында талаптар жумшагыраак.Аталган демилгеге Беларус кошулган эмес.

Келечекте буга чейинкидей эле адам укуктарынын бузулушу жана башка "орток баалуулуктарга: каршы келген көрүнүштөр эки тараптуу келишимдердин негизинде каралмакчы.

Мындан тышкары, Евробиримдик Күн Чыгыш кызматташтыгы өзү үчүн "стратегиялык мааниге ээ" экендигин айтууда, бирок ал Европа Биримдигинин сөз болуп жаткан аймактардагы кризистерге аралашуусун кескин күч алдырбайт. Дипломаттардын сөзү боюнча, эки тараптуу байланыштар, БУУ, ЭККУ сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу тескелген мамилелер жана Орусия менен түз алакалар Евробиримдиктин дипломатиялык стратегиясында негизги багыттар бойдон кала берет.