21-22-май күндөрү Хабаровскиде Евробиримдик менен Орусиянын чоң жыйыны өткөнү жатат. Кытай менен чек арага жакын жердеги шаардагы самиттин күн тартибин бүгүн Брюсселде биримдиктин тышкы иштер министрлери талкуулашууда. Министрлер Молдова, Грузия, Иран боюнча ортодогу талаш жагдайларды талдашат.
Брюсселдеги жыйынында Евробиримдиктин башкы дипломаттары көп кырдуу маселелерди талкуулап жатышат.
Чехиянын тышкы иштер министри Ян Кохоут мисалы Бирмада Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган оппозиция лидери Сан Су Чинин үстүнөн жүрүп жаткан сотко байланыштуу Бирмага каршы санкциялар күчөтүлүшү мүмкүн экендигин эскертип, Бирма бийликтерин Сан Су Чини бошотууга чакырды.
Арийне, бул жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе – Евробиримдик мененОрусиянын ушул шаршембиде башталып жаткан самити.
Алар Орусия менен келечек алакасын талдап жаткан азыркы тапта Брюсселдеги дипломаттар «бош сөз менен турмуш чындыгы» кагылышта экендигин белгилешүүдө.
Евробиримдик Орусияны «стратегиялык маанидеги шерик» деп атап келет. Ошого карабастан, Брюсселдин кеңселеринде түпөйүл сезимдер үстөмдүк кылууда. Мындай сезимдерге түрткү болгон жагдайлардан былтыр жайдагы орус-грузин согушун жана Украинанын, аны менен кошо Европанын чыгыш аймактарынын ушул кышта орустардан газ келбей, тоңуп кала жаздаганын атасак болот.
Бирок Орусиянын европалык учактарга салган оор салыгы, жыгач экспортунун бажы салыктары, Европа биримдигинин чек ара өткөөлдөрүндө жүк ташыган машиналардын убалып-чубалган узун кезеги сыяктуу майда, бирок маанилүү көйгөйлөр да жетиштүү.
Евробиримдик менен Орусиянын Хабаровск самитинде эки жак мындай талаш маселелердин четин да ое албайт шекилдүү. Жыйындан кийин биргелешкен декларация жасоо пландалбаганы деле ортодогу ажырымдын канчалык терең экендигин айгинелейт. Ушундан улам, Европа Биримдиги Москва кызматташкыбыз келет десе, ошого да ыраазы болот шекилдүү.
Өткөн жумада Брюсселде журналисттер менен жолукканда Орусиянын Евробиримдиктеги элчиси Владимир Чижов Хабаровскиде Москва «катаң коопсуздук» жана энергетика маселелерин биринчи орунга коерун билдирген. Ал күндөрү Орусиянын президенти Дмитрий Медведев анын өлкөсү «өз шериктеринен» коопсуздук маселесине «жаңыча мамилеге» макул болушун күтөрүн айткан.
Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров апрелдин этегинде Москва Евробиримдиктен жаңы, аткарылышы милдеттүү болгон коопсуздук келишимин күтөөрүн маалымдаган. Европанын коопсуздук уюму болгон Европадагы Коопсуздук жана кызматташттык уюмун Лавров эл аралык мыйзам чыгарууга укугу жок деп четке каккан.
Москва ошондой эле Хабаровскиге келе жаткан делегациянын маанилүү коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө мандаты жок экенин жакшы билет. Биримдиктин учурдагы президенти болгон Чехиянын мамлекет башчысы, өзү Евробиримдикти кабылдабаган Вацлав Клаус, Еврокомиссиянын жетекчиси Хозе Мануэл Барросо жана бриимдиктин тышкы саясатын тейлеген Хавиер Солана баштаган делегация ашып кетсе, биримдикке мүчө болгон 27 өлкө консенсус таба ала турган маселерди талкуулашат.
Ал маселелердин эң урунттуусу – экономикалык кризис жана энергетика коопсуздугу. Медведев да айтып жаткандыгын эске алганда, энергетикалык коопсуздук самиттеги талкуулардын өзөгүн түзөт шекилдүү.
Хабаровскиде Евробиримдиктин күн тартибинде ошондой эле Молдова, Грузия, Иранга байланышкан суроолор да болмокчу.