Иссинг: Афинадагы кризистин шүйкүмү жаман

Немец канцлери Ангела Меркел жана француз президенти Николя Саркози Евросоюздун 11-февралда болуп өткөн саммитинен кийинки маалымат жыйынында. Бул жолугушууда шаркеттин лидерлери грек өкмөтүнө көмөк көрсөтүү тууралуу саясий чечим кабыл алышкан эле.

Брюсселде кечээ Еврошаркеттин финансы министрлери жыйынга чогулуп, Афина өкмөтүнө жардамдашуу маселесин талкуулашты. Аптанын башында еврозонага кирген он алты өлкө Грецияны бүжет тартыштыгын жана мамлекеттик карыздардын көлөмүн кыскартуу үчүн кошумча чараларды көрүүгө чакырган эле.
Еврошаркеттин финансы министрлери еврозонага кирген он алты өлкөнүн чечимин кубаттады. Ага ылайык Афина өкмөтү бүжет тартыштыгын кыскартуу боюнча жаңы план түзүп, аны марттын орто ченинде шаркетке көрсөтүшү керек. Кошумча чаралардын арасында наркы кымбат обекттер менен автомашиналарга жаңы салык киргизүү сунуш кылынды.

Гректер үчүн стратегиялык бул милдет бир топ татаал. Ички дүң өндүрүштүн көлөмүнө алып санаганда бүжет тартыштыгын бир айда төрт процентке төмөндөтүү талап кылынат. Азыр бул көрсөткүч 12,7 процентке жетти.

Брюсселдеги жыйын башталар алдында Евротоптун – евро аймагындагы өлкөлөр тобунун – башчысы, Люксембургдун премьер-министри Жан-Клод Юнкер гректерге мындан башка жол жоктугун, алар кетирген каталыктын сазасын жалпы европалыктар тарта албай турганын "Дойчландфунк" радиосундагы сөзүндө айткан эле.

Брюссел жыйынынан соң Юнкер еврозонанын министрлери азырынча иштин финансылык өңүттөрүн ачык талкуулай электигин ырастап, түпкүлүгүндө Евротоп "Грецияга жардам көрсөткөнгө даяр экенин, бирок алды менен Афина өкмөтүнүн күч-аракетин көргүсү келерин" билдирди.

"Биз Грециядан өзүнүн олуттуу милдеттерин аткара аларын далилдөөнү күтөбүз",-деп айтты Юнкер. Эгер өкмөт марттын ортосуна чейин кырдаалды туура нукка бура алса, евро аймагындагылар финансы жактан колдоо көрсөтүү чараларын карап чыгат.

Грецияга жардам бергенге Еврошаркеттин каражаттары бар экенин, зарыл болсо мындай көмөк көрсөтүлөрүн валюта жана экономика саясаты боюнча еврокомиссар Олли Рен да бышыктады. "Бул жолку кризис бизге чоң сабак болду: еврозонадагы айрым өлкөлөрдүн улуттук экономика саясатына абдан кылдат байкоо салып турууга туура келет. Муну менен пайда болуп келаткан проблемаларды эртелеп байкап, аларды чечүүнүн жолдорун ыкчам тапканга мүмкүндүк алабыз",- деп билдирди еврокомиссар.

Көпчүлүк эксперттер гректердин абалы бир топ кыйын, бүт европалыктарга алардын кесепети тийиши мүмкүн дешет. Абройлуу экономисттердин бири, Европа борбордук банкынын башкаруучулар кеңешинин мурдагы мүчөсү Отмар Иссинг "Файнэншл таймста" жарыяланган макаласында Брюссел гректерге финансылык жардам көрсөтүүнү чечсе, бул жалпы шаркеттин өзү үчүн алаамат болорун эскертти. Иссинг эгер мамлекеттик карыздар жагынан грек өкмөтү банкрот болсо, мунун арты туташ реакцияга айланат, жалпы евронун зонасын бүлүнтөт жана бүткүл шаркеттин валюта-экономика саясатына, анын негиздерине жарака салганга жарайт деп эсептейт.

Социологдордун "Эмнид" борбору өткөргөн иликтөөдө гректерге бир миллиард евро өлчөмүндө жардам көрсөтүү планын немецтердин 53 проценти жактабай турганы, евронун зонасындагы башка өлкөлөрдө алардын саны мындан да жогору экени айкындалды. Айрымдар атүгүл Грецияны еврозонадан чыгарып салуу керек деп айтышкан. Бирок мындай идеяны еврокомиссар Рен караманча четке какты.

"Билд" гезити келтирген эсептерге кайрылсак, гректердин немец банктарына эле 32 миллиард евро бересеси бар. Ал эми Португалия, Ирландия, Италия, Испания өңдүү өлкөлөрдү кошкондо немец банктарынын жалпы аласасы 535 миллиард еврого жетет.