К.Эштон: Коңшулардын коопсуздугу маанилүү

Франция -- Евросоюздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Европарламентте сөз сүйлөп жатат.

Евросоюздун эл аралык иштер боюнча катчысы Кэтрин Эштон шаршемби күнү Европарламентте сөз сүйлөп, шаркеттин тышкы саясатынын негизги багыттарын атады. Алардын ичинен коңшулар менен жакшы мамиледе болууну жана дүйнөлүк коопсуздук маселелерин бөлүп көрсөттү.
Баронесса Кэтрин Эштон Еврошаркеттин тышкы саясаты боюнча жогорку өкүлү болуп былтыр декабрда шайланган. Ошондон бери биримдиктин сырт дүйнө менен карым-катнаштарындагы максаттар так аныкталбай жатканы үчүн анын атына буга чейин бир топ эле сын пикирлер айтылды.

Биринчи мерте Европарламентте сөз сүйлөп, Эштон шаркет "өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн эл аралык аренада негизги оюнчу болууга тийиш" деп көрсөттү. Бул үчүн үч багытта иш жүргүзүү талап кылынарын айтып, башкы планда коңшулардын коопсуздугун атады.

"Биринчиден, коңшулаш өлкөлөрдөгү стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоо аркылуу аларга саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө көмөктөшүү" зарыл.

"Экинчиден, глобалдык коопсуздуктун азыркы замандагы проблемаларын чечүү керек, бул үчүн шаркетке ар тараптуу стратегия, эл аралык күчтүү уюмдар жана мыйзам улуктугу зарыл болот".

"Үчүнчүдөн, негизги өлкөлөр жана уюмдар менен стратегиялык мамилелер системасын түзүү зарыл, эмнеге дегенде алдыда турган проблемаларды жалгыздап чечүү мүмкүн эмес".

Коңшулар саясатында Эштон мурдагы югослав өлкөлөрү менен Грузиядагы кырдаалды жөнгө салууга европалык дипломаттар активдүү катышып жатканын мисал кылып келтирди. Өзгөчө Грузияга байланышкан жагдайга токтолуп, "соода-сатык, визалык алакаларды либералдаштыруу чөйрөсүндө сүйлөшүүлөр уланып, бул өлкөдөн бөлүнүп калган республикалар менен байланыш түзгөнгө да аракеттер көрүлүп жатканын" белгиледи.

Эштон еврошаркет Украина менен кызматташтыгын өнүктүргүсү келерин да бышыктады, ал эми АКШ жана Россия сыяктуу стратегиялык маанидеги өлкөлөргө байланышкан саясатта жаңы эч кандай деле демилгелерди сунуш кыла алган жок.

Бир катар депутаттар Эштондун сөзүнө ичи чыкпаганын жашырышпады. Алардын бири – британдык консерваторлордун өкүлү Чарлз Таннок – шаркет мурдагыдай эле тышкы саясатта өз багытын так аныктай албай, чаржайыт абалда каларын эскертти.

Шаркеттин жаңы түзүлгөнү жаткан тышкы иштер мекемесинде 8 миңдей дипломат болушу мүмкүн. Ошол эле учурда Эштондун кеңсеси эки кожоюндун – Еврокомиссия менен биримдикке кирген өлкөлөр ортосунда талашта калышы ажеп эмес.

Ушул темага кайрылып, "Таймс" гезити жакында Эштон өзүнө жеке учак бекитип берүүнү сунуш кылганын жазып чыкты. "Бирок бул маселе кайра эле шаркеттин ар кайсы бийлик органдары ортосуна "от жагышы" ыктымал, - деп көрсөтөт басылма. – Эгер Эштонго учак берилсе, анда Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу да жеке авиалайнерге ээ болгусу келиши мүмкүн. Анын соңунан Европа Кеңешинин (Евросоюздун) президенти Херман Ван Ромпейдин ушундай өтүнүчүн аткарганга туура келет".