Демократия аралчасына карай жол...

Кулатылган президент Курманбек Бакиев жашынып отурган Жалал-Абадда абал тынчыбай турат. К.Бакиев өзү үй-бүлөсүнүн коопсуздугу жана үй-мүлкү сакталган учурда кызматын эрки менен таштай турганын айта баштады. Убактылуу өкмөт Курманбек Бакиевдин маселесин чече албай убара.
Дүйнөлүк коомчулук өлкөдөгү окуяларга тынчсызданып, ал тургай Орусия президенти Кыргызстан жарандык согуш алдында турганын айтып жиберди. Талдоочулар болсо К.Бакиевдин доору биротоло бүткөнүн, эми батыштык үлгүдөгү демократияны түптөп калуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоо керектигин айтышууда.

Кыргызстанды 15 жылга чукул башкарган мурдагы президент Аскар Акаев убагында өлкөсүн Борбор Азиядагы демократиялык аралчага, ал тургай чөлкөмдүн Швейцариясына айлантуу идеяларын көтөрүп келди. Башында дурус башталгандай көрүнгөнү менен кийинчерээк бийликти бир колго топтоо, үй-бүлөлүк башкаруу күчөп кетип, натыйжада 2005-жылы А.Акаев бийлиги кулады.

Анын ордуна келген Курманбек Бакиев да башында көптөгөн убадаларды берип, сөз эркиндиги, адам укуктары сакталган демократиялык багыт уланаарын, үй-бүлөсүн бийликке аралаштырбасын айтып келди. Бирок ал уулдарынан тартып көптөгөн бир туугандарына чейин чоң кызматтарга отургузуп, адам укуктары жана сөз эркиндиги сыяктуу демократиялык негизги баалуулуктар кескин начарлады. Натыйжада нааразы болгондор К.Бакиев бийлигин кулатып, ал иш сексенден ашуун адамдын өмүрүн жеди.

“Kyrgyz Concept” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевдин пикиринде, 7-апрелдеги кандуу окуяда кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл экендигин, чындап эле Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы экенин дагы бир жолу далилдеди. Эми ушул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, жалпы адамзаттын мурасы болгон өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдүн үлгүсүндөгү мамлекеттик системаны куруп алуу зарыл:
Э.Умоталиев

- Парламенттик мамлекет курабыз деп атышат. Эки жолку президенттик башкаруудан кийин тилибиз күйүп, ушундайга келип атабыз. Биз эми калыс парламенттик мамлекетти түзүшүбүз керек. Парламенттик деген, бул – жеке бир адамдын башкаруусу же күчү эмес. Бул эл өкүлдөрүнүн күчү. Бир да адам толук өз добушу менен маселе чече албайт. Бир депутат бир гана добушка ээ боло алат. Анан ал чечимди өткөрүш үчүн башка депутаттардын да добуштарын топтош керек, аларды ишендириш керек. Мына ушундай системалар акырында калыстыкка, эл менен эсептеше турган системага алып келет...

Ошондой эле анын айтымында, айрым күчтөр архаикалык башкаруу системаларын көкөлөтүп, батыштын үлгүсүндөгү демократия жарабай турганын дале айтып жүрүшөт. Андыктан андай идеялардан сактанып, кыргыздын өтмүшүндөгү баалуу маданий мурастарга гана көңүл бөлүү керек.

Ал эми “OIC” камсыздандыруу компаниясынын башкы директору Сейит Каныметовдин баамында, 7-апрелдеги кандуу окуядан соң эми Убактылуу өкмөт мамлекеттик түзүлүштү кардиналдуу өзгөртүүгө мажбур. Мындан ары бийлик бутактарында тең салмактуулук болсо, мамлекет бизнеске кийлигишпесе - анда өлкөдө өсүш болмокчу:
Сейит Каныметов

- Жыйырма жылда көрдүк, бийликтин бир колдо болгону бизге болбойт экен,- деп кыргыз эли чечти. Мына ошондуктан 7-апрелде экинчи жолу революция болду. Ондогон балдарыбыз ага өмүрүн берди. Эми бийликте тең салмактуулук болушу керек.

Андан тышкары эми бийлик эч качан бизнеске кийлигишпеши керек. Бийлик элге иштеши керек. Бийлик деген эмене? Ал деген көзөмөлдөй турчу, салык чогулта турчу өз функцияларын гана аткарышы керек. Ошондо гана биз өркүндөп-өрчүп, алдыңкы мамлекеттерден болуп деле өнүгүп кете алабыз...


Жарандык коомчулук да Убактылуу өкмөттү катуу көзөмөлдөп, аларды олуттуу реформаларга түртүшөрүн айтышат. Маалымат каражаттары да эркин дем алып, Убактылуу өкмөттүн ар бир кадамына саресеп салып турушат. Саясат талдоочу Марс Сариев болсо, К.Бакиев режиминин кулашы чоң үмүттөрдү жандырганы менен Убактылуу өкмөт өз ишинде кыйла эле чабалдык кылып атканын айтат. Андыктан, портфел бөлүштүрүү маселесин таштай туруп, оболу К.Бакиев маселесин тез арада чечип алуу зарыл.

Айта кетсек, Убактылуу өкмөттө негизинен чоң кызматтардын басымдуу бөлүгүн “Социал-демократтар”, андан кийин эле “Ата мекенчилер” ээледи.

Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сагынбек Абдрахманов - СДПК, Нарын облусунуку Адылбек Эсенбеков - “Ата мекен”, Ош облусунуку Сооронбай Жээнбеков – СДПК, Талас облусунуку Койсун Курманалиева – “Ата мекен”, Баткен обусунуку Карамат Орозова - СДПК, Ысык-Көлдө Мирбек Асанакунов - СДПК партияларынан.

Министрлик кызматтар, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, шаар башчылары да ушундай тартипте иргелип, Темир Сариевдин “Ак шумкар”, Эмил Каптагаевдин “Улуу биримдик” партияларынан кишилер аз.