Акыйкатчы Турсунбек Акундун жүргүзүп жаткан иштерине анын айрым кызматкерлери каршы чыгышууда. Акыйкатчы болсо мындай аракеттер ал жүргүзүп жаткан реформаларды токтото албасын айтууда.
Акыйкатчы Турсунбек Акун мындан бир аз мурда өзүнүн орун басары Мамат Момуновдун кызматын токтотуу тууралуу Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогон. Муну ал өзүнүн орун басарлыгына башка адамды көрсөтүп жатканы жана орун басарынын кызматтык мөөнөтү бүтүп баратканы менен байланыштырууда.
Акыйкатчынын орун басары М.Момунов болсо өз кеңешчиси менен маалымат каражаттарына билдирүү менен чыгып, Т.Акундун жүргүзүп жаткан саясатына каршылыгын билдирип, акыйкатчы институту соңку кездери эл аралык уюмдар менен бейөкмөт уюмдардын айтканынан чыга албай калганын айтып чыкты:
- “Кылым шамы”, “Психикалык саламаттык” деген сыяктуу уюмдар бар. Ошолордун биздин кызматкерлерге буйрук берип, “мобуну кыл”, “тигини алып кел”, “биз менен жүрү” деген сыяктуу аракеттери туура эмес. Алар биздин ички иштерибизге кийлигишпөөсү керек. Кээде мындай да болуп кетип атат, “Мобу аппараттын жетекчиси кайдан келди, муну жумушка албаш керек, алмаштыр” деп атышат. Бул туура эмес да. Биз мамлекеттик кызматкерлербиз. Конкурстан өттүк, башка жерлерден келдик... Ал эми эл аралык уюмдар боюнча, мен Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы тууралуу айтып атам. Алар менен биз кызматташуу тууралуу келишим түзгөнбүз. Алар жардам берип атышат, бирок жардамдын арка жагы да болот экен да. Биз болсо аны биле бербейт экенбиз.
Ошондой эле М.Момуновдун айтымында, акыйкатчы реформаларга шылтоолоп бир топ жагымсыз кызматкерлеринен арылууну көздөп жатат. Андан тышкары ал кээ бир маалымат каражаттары анын кызматтан алынганын жазышканын, бирок андай маалымат туура эместигин, учурда акыйкатчынын орун басары кызматында иштеп жатканын, аны кызматтан кетирүү-кетирбөө маселесин Жогорку Кеңеш чечерин билдирди.
Ал эми акыйкатчы Турсунбек Акун өз орун басарынын билдирүүлөрү тууралуу “Азаттыкка” мындай деп жооп берди:
- Акыйкатчы институтун бир гана акыйкатчы башкарат. Эч кандай бейөкмөт уюмдар, эл аралык уюмдар башкара албай. Андай сөздөр туура эмес. Эми бул жерде мен Момунов мырзаны кийинки мөөнөткө бекитпей койдум. Анын мөөнөтү да бүттү. Орун басарлыгыма кийинки мөөнөткө аял кишини көрсөтүп атам. Анан Момуновдун ичи тарып кетсе керек, бекилбей калдым депчи. Ошол мааниде да бул сөздөр. Баягы пендечилик да бул. Бирок бул нормалдуу нерсе, ал дагы өз пикирин айтышы керек да.
“Акыйкатчы институнун анын алдындагы укук коргоочулар кеңешине кирген бейөкмөт уюмдары башкарып калды” деген айыптоону ал кеңешке кирген уюмдардын жетекчилери да четке кагышууда. “Азаттыктын” бул жааттагы суроосуна укук коргоочулар кеңешине кирген “Психикалык саламаттык жана коом” уюмунун жетекчиси Бурул Макенбаева жооп берди:
“Азаттык”: - Укук коргоочулар кеңешине кирген уюмдар акыйкатчы институтунун ички иштерине кийлигишип, башкаруу процесстерине аралашып кетишти деп атышат. Маселен, кызматкерлерине түздөн-түз буйрук берип, “муну жасабагыла”, “мындай реформа кылгыла”, “бул кызматкерди алгыла”, “бул бөлүмдү жойгула” дегендей көрсөтмөлөрдү берип калышты дешет. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
Бурул Макенбаева: - Мен бир мисал келтирип кетейин. Бир жолу соттук процессте отурганбыз. Анан акыйкатчынын бир кызматкери 36 мүнөт соттук кароого кечигип, уруксатсыз эле кирип барып, анан уруксаты жок эле сүрөт тарта баштаган да. Ал деген одоно түрдө соттун ирээтин бузган да. Анан биз ошол кызматкердин профессионалдык деңгээлин текшергиле, окуткула деп кат менен кайрылганбыз. Менин оюмча биздин андай аракетибиз чыныгы профессионал кызматкерге эч кандай зыян келтирбейт. А кокус кээ бир кызматкерлери нааразычылыгын билдирип атышкан болсо, анда алардын профессионалдык деңгээли начар чыгар.
Адам укуктарын коргоочу башкы мамлекеттик орган болгон акыйкатчы институту 2002-жылы гана уюшулган жаш орган. Турсунбек Акунга чейин аны Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Турсунбай Бакир уулу жетектеген. Т.Акун кызматка келери менен бир катар өзгөртүүлөрдү жасап, штаттык кызматкерлеринин санын кыйлага кыскарткан болчу. Эми анын бул жолку кадрдык алмаштыруу саясатына кабылган орун басары Мамат Момунов 2004-жылдын 4-октябрынан бери иштеп келет.