Сербиянын президенти Борис Тадич анын өлкөсү босниялык сербдердин мурдагы колбашчысы Ратко Младич боюнча жаңы маалыматтарды чогултууну улантып жатканын, далилдер жетиштүү болсо эле ал камакка алынарын өткөн аптада да билдирди. Бул аралыкта америкалык окумуштуу АКШнын Босниядагы аскерлеринде кезинде Младичти камакка алууга бир нече мүмкүнчүлүк болгонунун далилдери бар экенин айтууда.
Согуш кылмыштары үчүн айыпталган Ратко Младич - Европанын издөөдөгү номер биринчи адамы. Босниялык сербдердин мурдагы генералын Гаагадагы эл аралык трибуналга өткөрүп берүү Сербиянын Евробиримдикке кошулуу мүдөөсү ишке ашуусу үчүн чечүүчү маселе катары эсептелинет.
Батыштын аскерий кызматчыларынын жашыруун макулдашуусу Ратко Младичтин Босниядагы согуш аяктаган соң камактан кутулуп кетүүсүнө өбөлгө түзгөнүн анын жактоочулары узактан бери эле айтып келишкен. Ал эми мындай ырастоолорду бекемдеген жаңы маалыматтар – адаттан тыш. Анткени аларды Младичтин жактоочулары эмес, мурдагы Югославиянын аймагындагы жаңжалдарды кайрадан документтештирген окумуштуулар чыгарууда.
Америкалык тарыхчы, Индиана штатындагы Пардью (Purdue) университетинин кызматкери Чарльз Инграонун (Charles Ingrao) "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна билдиргенине караганда, алар жүргүзгөн иликтөө 1996-жылдын февраль-июль айларынын аралыгында АКШнын аскерий кызматчылары качкын генералдын изине түшкөнүн, атүгүл аны менен кездешкенин да көргөзүүдө. Бирок аймактагы америкалык аскерлерге каршы жаңы кыянатчылыктар жасалат деген кооптонуудан улам Ратко Младич күч менен камакка алынган эмес:
- Мындагы чечүүчү маселе - АКШ армиясы баштапкы миссиясы Боснияда тынчтык орнотуу деп эсептелгендиктен, жоготууга учуроо тобокелчилигине барууну жөн гана каалабагандыгы. Аскерий кылмышкерлерди камакка алуу жоопкерчилиги коркунучтуу кошумча жүк катары каралган. Анткени ошол кездеги президент Билл Клинтон моюнга алгандай, эгер аскерий кылмышы үчүн айыпталган кээ бир сербдерди камакка алса, америкалык жоокерлерге кол салынуусу мүмкүн эле.
Чарльз Инграо - "Окумуштуулар демилгеси" деген топтун жетекчиси, ага Батыш жана Балкан өлкөлөрүнөн 300дөй иликтөөчү кирет. Аталган топтун мурдагы Югославия боюнча жаңы жарыяланган иликтөөсүндө Боснияда үч жарым жылга созулган согуш аяктаган соң Младичтин изине түшкөн америкалык аскерий бөлүктүн мурдагы өкүлүнүн көрсөтмөлөрү да камтылган.
Андагы маалыматтарга караганда, Младичтин изине түшкөн америкалык аскерий бөлүк босниялык сербдердин генералы менен 20дай ирээт кездешкен. Тарыхчы Чарльз Инграо "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, алардын булактары АКШнын ошол кезде Боснияда турган эки бригадасынын биринин командачысы, полковник Жон Батисте Младичтин кеңсеси жайгашкан аймакта кол алдындагыларын обочодо калтырып, ичкерини көздөй өзү гана кетип, анын менен жекеме –жолугуп жүргөнүн айтышкан. Бул жолугушуулардын ыктымал максаты тууралуу окумуштуу Чарльз Инграо мындай дейт:
- Бул жолугушуулар анын (Младичтин) өз эрки менен багынып берүүсүн макулдашууга багытталгандай. АКШнын аскерий бөлүгү аны түрмөгө алып келүүнүн жана коргон күчтөрүнүн жолтоо кылуусуна жеткирбей аймактан алып чыгып кетүүнүн жол-жобосун машыккан.
Бирок мезгил көрсөткөндөй Младич өз эрки менен багынып берген жок. Ал дээрлик он төрт жылдан берип качып жүрүүдө. Гаагадагы эл аралык трибунал аны геноцид жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн 1995-жылдын июлунда эле айыптаган.
Трибуналдын ырастоосунда, Ратко Младич Босниянын борбору Сараево шаарынын камалоого, Сребреница шаарында 7500дөй мусулман эркек менен өспүрүмдү кырууга жетекчилик кылган.
Босниялык сербдердин ушул эле кылмыштар үчүн айыпталган мурдагы лидери, 13 жыл бою таптырбаган Радован Каражич былтыр июлда камалган. Учурда Гаагадагы трибуналдын түрмөсүндө олтурат. Ал бул мезгилдин аралыгында тыш келбетин өзгөртүп, башка адамдын ысымындагы документтер менен жүргөн.