Былтыр 20-январда “Азаттык” үналгысы Евразия өлкөлөрүндөгү саясатчылардан АКШнын 44-президенти Барак Обамадан эмне үмүттөрү бар экенин сураган эле.
Бир жылда Барак Обама эмнелерге жетишти? Кандай үмүттөр акталып же акталбады? Бул жөнүндө былтыр пикирин айткан серепчилердин азыркы пикири кандай?
Кабыл университетинин профессору Уадир Сафи былтыр 20-январда: “Ооган эли АКШнын жаңы жетекчилигинен эмнелерди күтөт?” деген суроого мындай деген болчу:
- Арийне, Кошмо Штаттар сыяктуу мамлекет, өзгөчө Буштун администрациясы жана анын ынтымакташтары террорчулукка каршы согушта көздөгөн максатына жеткен жок. Бул деген, Ооган эли Обама мырза жана Американын жаңы жетекчилери аскерий, экономикалык, саясый багыттарда, ошондой эле Ооган өкмөтүндө чоң өзгөрүүлөрдү алып келет деп үмүттөнөт. Региондо тынчтык орнотулмайын, олуттуу өзгөрүүлөр болбойт.
Туура бир жылдан соң:
- Обама Ооган проблемасын жөндөөнүн стратегиясын өзгөрттү. Ал бирок аткарылбады. Ал ийгиликке жетет. Бул Америка менен биздин регион ортосундагы мамилени жаңы нукка салат”, - дейт профессор Сафи.
Азербайжандык саясый талдоочу Илкар Маммадов Барак Обаманын кеңсеси Түштүк Кавказдагы демократияга көп көңүл бурат деп ишенген. Өткөн бир жыл Маммадов болжогондой болбоду.
- АКШнын биздин регионго болгон саясаты өзгөргөнүн ырастаган ачык айкын белгилер жок. Азербайжан-Армения чатагы АКШнын Түркия-Армения алакасына байланыштуу жүргүзгөн саясатынын көлөкөсүндө калды. Обаманын өкмөтү Түштүк Кавказдагы демократиялык институттарды бекемдөө жана АКШнын региондогу ролун чыңдоо боюнча эч нерсе сунуш кыла албады”.
Маммадов ошол эле учурда Борбор Азияда Орусия менен Кытайдын таасири өсүп баратканына көңүл бурат.
Армениянын Дашнак партиясынын лидери Грант Маркарян болсо Обама Армения-Түркия мамилесин оңдоого көп көңүл буруп, америкалык армяндарга убада кылгандай, Осмон түрктөрүнүн I Дүйнөлүк согуш жылдары армяндарды кырганын тааныбаганына нааразы.
Индус кыздар Жаңы Делидеги "Индиянын көркөм өнөр көргөзмөсүндөгү индиялык Вивак Шарманын АКШ президенти Барак Обамага арналган "Deep" деп аталган көркөм инсталляцияны көрүшүүдө. 21-август 2009
Беларус оппозициясынын лидери Александр Милинкевич АКШ канчалык кубаттуу болбосун, президент Обамага андан күткөндүн баарын аткаруу оор экенин айтат:
- Менин Обамага болгон мамилем өзгөргөн жок. Анын дарамети аябай чоң. Көпчүлүк эл күткөн үмүттү толук актоо жеңил-желпи иш эмес. Ал көп ийгиликке жетиштиби? Бул суроого: Ал күтүлгөн иштин көбүн жасады. Глобалдык проблемаларды жалгыз эле АКШ чече албайт.
Тбилисилик саясый серепчи Гия Нодия АКШнын кызыкчылыгына ылайык, Барак Обама бир жыл ичинде Ооган-Пакистан маселесине айрыкча маани берип, пост-советтик мейкиндикти унутта калтырды деп эсептейт.
Балкан өлкөлөрүнүн эли да президент Обама албан иштерди бүткөрөт деп ишенген. Алардын тилеги ишке аштыбы?
Сараево сыналгы каналынын саясый баяндамачысы Муфид Мемижанын айтымында:
- Биз Америка психологиялык жактан өзгөргөнүнө күбө болдук. Обаманын мурдакы президенттен айрымасы - эл анын ыймандуу жана ишенимдүү адам экенине ишенди. Ал көп жагынан Буштун саясын улантууда. Барак Обама Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты болсо да Ооганстандагы согушту улантууда. Бул чоң тарыхый тобокелчилик. Обама Жакынкы Чыгышта эч нерсе кылбады. Климат боюнча Копенгагенде өткөн саммитте айлана чөйрөгө жооптуу саясат жүргүзөм деп сөз берди. Ал ири бизнестин өкүлү катары аракеттенип, бар кадырын садагага чабууда. Анын Чыгыш Европада ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруудан баш тартканын мен колдойм. Бул бирок дүйнөдөгү эң кубаттуу өлкөнүн лидери үчүн жалчыбаган иш.
Башка бир босниялык серепчи, профессор Гажо Секуличтин баамында, президент Обама Ак Үйдүн өзүнөн мурдакы кожоюну Жорж Буш калтырган ички проблемалар менен көп алек болуп, Балкандагы проблемаларга көңүл бурган эмес.
Казакстандык журналист, жаштардын “Жаш Өркен” басма тобунун башчысы Жусупбек Коргазбек бир жыл мурда Обама бийликке келгенде, Обама демократиялык баалуулуктарды урматтай турганын, бул өз кезегинде өнүгүү жолундагы өлкөлөрдөгү демократиянын өнүгүүсүнө оң таасир этет, деген тилегин билдирген.
Азыр эми: “Дүйнө этностор аралык, өкмөттөр аралык жана диний чыр-чатактарга толтура. Анын баарын чечүү үчүн убакыт керек. Обама бир жыл ичинде мындай проблемаларды чече аларын толук тастыктады”, - деп тыянак кылат алматылык талдоочу.
Орусия Думасынын Тышкы иштер комитетинин башчысы Константин Косачевдун пикиринче, Барак Обама бир жылда талаштуу маселелерди чогуу чечүү мүмкүн экенине эл аралык коомчулукту ишендирди:
- Президент Обаманын бир жылдык башкаруусунун натыйжасында дүйнөнүн өнүгүүсүндөгү үмүтсүздүктү жараткан тенденциялар өзгөрдү. Анын негизинде дүйнө өлкөлөрүнүн глобалдык маселелерди чечүүдөгү маанайы өзгөрүп, эл аралык коомчулукта “кайра куруу” жана социалисттик система кыйраган жылдардагыдай кайсы гана ишти болбосун чогуу чечсе, өз ара кызматташса болот деген ишенич пайда болду.
Ошентип, Косачев өткөн бир жылда Орусия-АКШ алакасы оң нукта өнүккөнүн жана Барак Обама өзүн абдан ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтө алганын белгилейт.