Бул кадам Батыш дипломаттарында “Карзай сентябрда болчу парламенттик шайлоодо союздаштарынын добуштарды бурмалоосуна мүмкүндүк түзүп жаткан жокпу?” деген кооптонууну жаратты. Анткени, комиссия былтыркы президенттик шайлоодо 1 миллиондон көп добуш уурдалганын бетке тутуп, Карзайды кайра шайлоого барууга мажбурлаган.
Шайлоо комиссиясы Карзайдын көзөмөлүнө өттү.
Хамид Карзай өткөн аптадагы жарлыгы менен Шайлоо боюнча даттанууларды текшерүүчү комиссиянын бардык беш мүчөсүн өзү дайындай турган болду. Серепчилердин боолголошунча, Карзай комиссиянын мүчөлөрүн өзү дайындап, өткөн президенттик шайлоодогудай добуштарды бурмалоолордун бетин ачпасын деп жатат. Кабылда туруктуу иштеген көзкарандысыз журналист Джин МакКензи айымдын сөзүнчө:
- Былтыркы президенттик шайлоодо ушу Шайлооком көз боемочулуктарды текшерүүгө барып, экинчи айлампаны өткөрткөн. Бирок экинчи тур болбой калды. Карзай алиге чындап эле добуштар уурдалганын мойнуна албады. Ошондуктан, көпчүлүк эл Карзай Шайлоокомдон өчүн алууда жана болочокто анын өзүм билемдикке баруусуна бөгөт коюуда деп ойлошот.
Буга чейинки шайлоо эрежесине ылайык, Даттануу комиссиясынын беш мүчөсүнүн үчөөсүн Улуттар Уюму дайындачу. Калган экөөсүн Ооганстандын Жогорку Сотунун төрагасы жана өлкөнүн Адам укугу боюнча көз карандысыз комиссиясы сунуш кылчу.
Карзай канча теминсе да "колу кош болбойт"
БУУнун Кабылдагы миссиясынын мурдакы саясый кеңешчиси Жерард Расселдин сөзүнчө, Карзай сентябрдагы парламенттик шайлоодо саясый ынактарынын жеңишин камсыздоо үчүн комиссияны өзүнүн жеке көзөмөлү астына алган. Бул Карзайга 2014-жылы үчүнчү жолу президенттик шайлоого катышканга мүмкүндүк берет, деп жазат Рассел Британиянын “Гардиан” гезитинин 23-февралдагы
санында.
Мындай пикирге Кабылда иштеген батыштык дипломаттар жана МакКензи айым макул эмес. Себеби, Ооганстандын азыркы конституциясы боюнча, Карзай үчүнчү жолу президент шайлана албайт. Ал үчүн парламент конституцияга өзгөртүү киргизилиши зарыл.
Президент Карзайдын өкүлү Хамид Элминин “Эркин Ооганстан” радиосуна айтышынча, Шайлоо боюнча даттанууларды текшерүүчү комиссиянын мүчөлөрүн Карзай дайындагандан эле добуштарды бурмалоо көбөйүп кетпейт. Анын жөнүн Элми мындай негиздейт:
-Биз берегидей сынга макул боло албайбыз. Биз өлкөдөгү саясый институттар жетерлик кубатуу жана оогандар шайлоону өздөрү калыс өткөрө алат деп ишенебиз. Бул комиссия азыр оогандаштырылды. Эми оогандар ар бир ишти өз колдоруна алышат.
Ал эми Адилет министрлигинин юстиция бөлүмүнүн башчысы Саед Юсуф Халимдин билдиришинче:
-Президент Карзай Шайлоо боюнча даттанууларды карачу комиссия мүчөлөрүн Парламенттин эки палатасынын лидерлери жана Жогорку Сот төрагасы менен макулдашып дайындоосу керек. Ошон үчүн чукул арада Карзай тийиштүү жарлык чыгарат. Ошентип, береги комиссия мүчөлөрү дайындалбайт.
Президент Карзай өткөн жумадагы парманы менен Ооганстандын шайлоо мыйзамына да түзөтүү киргизди. Натыйжада, президенттике ат салышмакчы болгон ар бир талапкер каттодон өтүү үчүн азыркыдай 10 миң эмес, 100 миң кол топтоого тийиш. Ошондой эле 5 миллион афгани же 100 миң долларга жакын акчаны күрөөгө коюшу шарт. Бул 2014-жылкы президенттик шайлоого катышчу талапкерлердин санын бир кыйла кыскартат.