Холбруктун Балкандагы тажрыйбасы Түштүк Азияга жарайбы?

Ричард Холбрукту балкандыктар алиге чейин "бульдозер" дешет.

АКШ президентинин Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук бу күндөрү Кабулда жүрөт. Вашингтон аймактагы абалды жөнгө салууда Холбрукка көп үмүт артууда. Бирок анын Балкандагы тажрыйбасы Түштүк Азиядагы жагдайга жарайбы?
Балкандагы согуштун басылышына, Дейтон келишиминин түзүлүшүнө кезинде Ричард Холбрук чоң салым кошкон. Муну менен бирге эле анын “бульдозер” деген ылакап атын балкандыктар алиге чейин унутпай жүрүшөт.

“Босниядагы согушту басуу ишине киришер замат эле ал Балкан лидерлери менен кадимки дипломатиялык ыкмада сүйлөшүү майнаптуу болбой турганын айткан, - дейт Сараево шаарындагы эркин басылманын редактору Сенад Печанин. – Ушундан улам Балкандагы лидерлер арасында “холбрукташтыруу” деген жаңы сөз чыккан, анын мааниси санкциялар жана жазаналар менен коркутуп сүйлөшүү дегенди билдирет”.

Печанин учурунда Холбрук менен бир нече ирет аңгемелешип, анын маектерин жарыялаган жана ошондон берки процесстерге такай көз салып,таразалап-талдап келатат.

“Көптөгөн босниялыктардай эле мен да анын Балкандагы согушту басуу ишине кошкон салымын жогору баалайм, - дейт Печанин. – Ошол эле учурда Босния-Герцеговина үчүн анын түзгөн конституциялык тартибин таптакыр макул көрбөйм. Ошонун айынан менин өлкөм ушу күнгө чейин өз алдынча мамлекет боло албай, эл аралык коомчулуктун саясий, аскерий күчүнө көз каранды болуп отурат”.

Боснияда азыр 14 конституция,14 өкмөт, 200дөй министрлик бар, бирок бирдиктүү мамлекет жок. Печанин “холбуркташтыруунун” эң чоң чекилиги деп ушуну эсептейт. Анын үстүнө "архитектор" Холбрук Балканда тургузуп кеткен саясий курулуштардын көбү арадан он төрт жыл өткөн соң кайра солкулдап, түбү копшоло баштады.

Нью-Йорктогу Колумбия университетинин Харриман институтунун орунбасар директору Гордон Бардос жаңы кызматта Холбрукка ”Босния менен Балкандагы тажрыйбасы, айрыкча ич ара басташкан босниялыктар менен хорваттарды, сербдерди тил табыштарган арачылык ыкмасы Ооганстанда да пуштундар менен тажиктерди, башка тайпаларды ортоктош кылганга өбөлгө болуп берет” деп ишенет.

Бирок Холбрук өзү Ооганстанга жана Пакистанга атайын өкүл болуп дайындалып жатканда Балкандагы “тарыйка” Түштүк Азияга жарабай турганын моюнга алган.

Бир катар эксперттер, айрыкча Кабулдагы жана Исламабаддагы саясий аналитиктер Холбрукка эми таптакыр башка ыкмалар керек болорун, кокус ал Балкандагыдай баарын баса көктөп жасаткысы келсе, ал өз озуйпасын бат эле ойрондоп аларын эскертишти.

Пакистандын Вашингтондогу жана Брюсселдеги мурдагы элчиси Тарик Фатми: “Мен ага кыйла чыдамкай болгонго,бу жердегилердин пикирлерин көбүрөөк көңүлгө түйгөнгө, аларды уга билгенге кеңеш берер элем. Анткени Түштүк Азияда көөнө цивилизация бар, анын жагдайы башка,ошондуктан бул аймакка биртке урматтоо менен карап, биртке байистүү болуу талап кылынат”,-деп билдирди.