Кой-Таш иши: Прокурорлор Атамбаев баштаган шектүүлөргө 10-11 жыл жаза сурады

Кой-Таш окуясы боюнча Биринчи май райондук сотундагы сот отуруму. 5-декабрь, 2024-жыл.

Кой-Таш окуясы боюнча Биринчи май райондук сотундагы сот отуруму. 5-декабрь, 2024-жыл.

14-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш иши боюнча жарыш сөз болуп, прокурорлор соттордон шектүүлөрдү 10 жылдан 11 жылга чейин абакка кесүүнү сурады.

Бул иш боюнча шек саналып жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун Фейсбуктагы баракчасына жазганына караганда, мамлекеттик айыптоочулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11, анын мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду 10, мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаевди 11 жана Равшан Жээнбековду 10 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жаракат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген.

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда. (BTo)

Дагы караңыз

Украина: Үч жылдан ашкан согуш 618 баланын өмүрүн алды Ала-Букада сел машинени агызып, үйдүн короосун каптады Тажикстанда жер титирөөдө үч жашар наристе уранды алдында калды Медиа эксперттер ЖМКлардын ишин чектеген мыйзамдар кабыл алынып жатканына тынчсызданышуудаЖанар Акаев Москвада сабалган мигранттар боюнча ТИМди чукул чара көрүүгө чакырды Милиция Тилекмат Куренов менен байланышы бар эки адам кармалганын билдирдиДепутат Мьянмада Кыргызстандын жети жараны кулчулукка кабылганын айтты