Орусиялык дрондор Киевге чабуул коюп, үч адам жараат алды

Орусиялык дрондор 12-апрелге караган түнү Киевге чабуул коюп, эки райондо өрт чыкты. Шаар мэри Виталий Кличко үч адам жабыркаганын билдирди.

"Бирөөнү ооруканага жаткырып, экөөнө жеринде жардам көрсөтүлдү", - деди Кличко.

Облустук администрациянын билдиришинче, бир сааттан ашуун абадан эскертүү берилген. Святошино районунда үч имараттын кампасында өрт чыгып, атып түшүрүлгөн дрон сыныгы балдар аянтчасына түшкөн.

Днепропетровск облусунда бир түн ичинде 17 дрон атып түшүрүлгөн.

Украинанын Аскер аба күчтөрүнүн маалыматында, 12-апрелге караган түнү Украинанын жалпы аймагына 88 орусиялык учкучсуз учак сокку урган. 56 дрон атып түшүрүлүп, көз жазгыра турган учкучсуз учактын 24ү максатына жеткен эмес.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдүн экологиялык абалы изилденетӨКМ кырсыктарды алдын алууда жасалма интеллекттин жардамын колдонот13-апрелдин аба ырайы: Күн ысып, айрым аймактарда өткүн өтөт