Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

13-апрелдин аба ырайы: Күн ысып, айрым аймактарда өткүн өтөт


Бишкек
Бишкек

"Кыргызгидромет" кызматынын билдиришинче, 13-апрелде Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүн экинчи жарымында айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;

Баткенде түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° жылуу болушу күтүлөт.


Шерине

XS
SM
MD
LG