Украина: Согуштун токтошуна эмне тоскоол болууда?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер көрүлүп жатканы менен азырынча майнап чыга элек. Мунун себеби эмнеде? Вашингтон менен Киевдин ортосундагы сейрек кездешүүчү минералдар тууралуу келишимге кол коюлбай жатканына эмне тоскоол? ЕБдин лидерлери согуш токтогон шартта Украинага бейпилдик күчтөрүн киргизүү маселесин караштырып жатат. Ал арада Украинанын өзүндө президенттик шайлоо туралуу талкуулар башталды. “Биз жана дүйнө” берүүсүндө ушул маселени талдайбыз.