"Энергетиканы бутага албоо тууралуу сөзүнө турбады". Киев Москваны айыптады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Батыш лидерлери Украинага чет элдик аскерлерди жайгаштыруу маселесин талкуулашат. Бул тууралуу украин лидери Владимир Зеленский билдирди. Буга чейин Франция менен Германия Киевге бейпилдик күчтөрдү жиберүү ниетин ачыкташкан. Ал арада орус армиясы Украинанын аймактарына абадан сокку урууну улантып жатат. Украин бийлиги Москваны буга чейинки сөзүнө турбай, энергетикалык жайларга да чабуул койгону үчүн айыптады. Орус бийлиги мындай жайларга сокку урулбай турганын айткан эле.