Aмерикалык аял Ооганстанда түрмөдөн бошотулду

Фэй Холл Кабулдагы Катардын элчилигинде телефондон сүйлөшүп отурат, 2-март, 2025-жыл

Быйыл февралдан бери Ооганстанда камакта отурган америкалык Фэй Холл бошотулду. Соңку сегиз күндө экинчи америкалык жаран Кошмо Штаттардын өкүлдөрүнүн "Талибан" башкаруучулары менен сүйлөшүүлөрүнүн аркасында эркиндикке чыкты.

29-мартта АКШ президенти Дональд Трамп жарыялаган видеодо Фэй Холл: "Американын жараны экениме мынчалык сыймыктанган эмесмин!" - деп айтат.

"Рахмат, урматтуу президент. Сизди кудай колдосун", - деген аялдын ыраазычылыгына Трамп дагы комментарий берди.

"Сиздин айтканыңыз мен үчүн чоң урмат-сый!" - деди америкалык лидер.

АКШнын Ооганстан боюнча мурдагы чабарманы Залмай Халилзад америкалык жаран 27-мартта бошотулганын, Катардын Кабулдагы делегациясынын колунда экенин Х платформасына жазган.

"Талибан" бошоткон америкалык жаран Фэй Холл биздин дострубуздун - Кабулдагы катарлыктардын кароосунда, жакында мекенине сапар тартат", - деп билдирген.

20-мартта америкалык Георг Глезман талибдердин барымтасында эки жарым жыл отурган соң бошотулган. Ал 2021-жылы "Талибан" бийликти басып алгандан кийин АКШнын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн Кабулга болгон биринчи сапары маалында ишке ашкан.

Глезман эч кандай келишимисиз, ооган бийлигинин "жакшы ниет" катары бошотулганы кабарланган.

Глезман 2022-жылы турист катары Кабулга барганда кармалган. Ага чейин ал Атланта шаарындагы Delta Airlines авиакомпаниясында механик болуп иштечү.

Ооганстанда дагы бир нече америкалык жаран түрмөдө отурат.

Дагы караңыз

"153 студент окуудан, эки мугалим иштен кетти". КМТУдагы жемкорлук тууралуу айып"Патент баасы мурдагыдан жогору болот"Киргизия конушу: Тургундар мэрди сотко сүйрөйбү?