Орусиянын Днепрге жасаган чабуулунан шаарда ири өрт чыкты, төрт өмүр кыйылды

Чабуулдан зыян тарткан үй. Днепр

Орусиянын армиясы Украинанын Днепр аймагына учкучсуз учактар менен чабуул койгонун Днепропетровск облусунун губернатору Сергей Лысак 29-мартта билдирди. Анын айтканына караганда, шаарда жарылуулар катталып, өрт чыкты. Турак үйлөр зыян тартты.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Bartolomeo ресто-мейманканасы соккуга кабылганын жазып, көп кабаттуу үй жана жер там күйүп жатканы тартылган видеону жарыялашты.

Днепрдин мэри Борис Филатов ресторан зыян тартканын ырастап, анын сүрөтүн, видеосун жарыялабоого чакырды.

Соңку маалымат боюнча, Днепрде 29-мартка караган түнкү чабуулдан кеминде төрт кишинин өмүрү кыйылды, дагы кеминде 21 киши жараат алды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Днепрге жасалган чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Медведев орус паспортун "мыйзамсыз" алган мигранттарды жарандыктан ажыратууну сунуштадыРахмон электр энергиясын уурдагандарды камоону сунуштадыМьянмадагы зилзалада кеминде 144 кишинин өмүрү кыйылды"Азаттык" радиосу каржы маселелери боюнча сот иштерин улантууда