Кыргызстанда жер титиреп, Таласта беш үйдүн дубалдарынан жарака кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-мартта (саат 04:42де) Казакстандын аймагында күчү очогунда 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө болду.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген.

Силкинүүнүн очогу Көпүрө-Базар айылынан 20 чакырым түндүктө, Бишкек шаарынан 133 чакырым түштүк-батышта болду.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, Талас облусунун Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында 5 үйдүн дубалдарынан жарака кеткен. Ушул тапта жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат такталып жатат.

Жердин силкинүүсүнө байланыштуу Кыргызстанда айгай жарыяланып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда жыйын өттү. (BTo)

Дагы караңыз

Айпери Медет кызы Азиянын үч жолку чемпиону болдуЕвропа лидерлери Орусияга санкцияларды жумшартууга каршы чыкты Түштүк Кореяда токойду каптаган өрттөн каза болгондордун саны 30га чукулдады“Торугарт” бекетинде катуу шамалдан жүк ташуучу машинелер оодарылып кеттиМэр Бишкектин Айтматов көчөсүн кеңейтүүдө 66 үйдүн дубалы бузуларын айтты