“Торугарт” бекетинде катуу шамалдан жүк ташуучу машинелер оодарылып кетти

Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган кадр.

27-мартта Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө бекетинде катуу шамалдан айрым жүк ташуучу автоунаалар менен алардын чиркегичтери (прицеп) оодарылып кетти.

Мамлекеттик бажы кызматы бороон болуп жол тайгак экенин, шамал катуу болгондуктан кээ бир жүк ташуучу машинелер туруштук бере албай, оодарылып жатканын билдирди. Бажы кызматкерлери ишин кадимки тартипте улантып жатканын кошумчалап, айдоочуларды этият болууга чакырды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда бороон басылып, машинелер тоскоолдуксуз өтүп жатканын кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Нарын облусунун Ат-Башы районунда 27-мартта ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал болуп, Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, сарайлардын жана Терек-Суу айылында эки үйдүн чатырын учуруп кеткенин маалымдады. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиянын АКШдагы жаңы элчиси ишеним грамотасын тапшыратМурдагы премьер Жапаров ДСУнун негизги принциптери тобокелчиликке тушукканын билдирдиМэр Бишкектин Айтматов көчөсүн кеңейтүүдө 66 үйдүн дубалы бузуларын айттыБири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелерди жоюу пландалууда IPHR кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотууга чакырдыАзия чемпионаты: Кыргыз балбандары бир күмүш, бир коло алды