Фармацевтикалык бирикменин аткаруучу жетекчиси Алмаз Алтыбаев "Азаттыкка" курган маегинде дары-дармектин көбү департаменттеги узун кезектин айынан каттоодон өтө албай жатканын билдирди.
"Тилекке каршы, азыр Дары-дармек департаментинде каттоого узун кезек турат. Мыйзамга ылайык, ал 180 күн ичинде катталышы керек. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, аны өтө тездик менен жүргүзгөндө деле бир жылдай убакытты алат. Мен мындан эки жыл мурда эле каттоого арыз берген компанияларды билем. Ошондуктан айрым өндүрүүчүлөр 7 миллион калкы бар Кыргызстанда каттоодон өткүсү келбейт. Анан калса жол-жобонун баары ачык-айкын эмес. Биз бул же тиги процесс эмне себептен четке кагылганын көрүп турушубуз керек", - деди Алтыбаев.
Алтыбаевдин айтымында, ири өндүрүүчүлөр препараттарды Орусияда каттаткандан кийин Кыргызстанда аны жасоонун зарылчылыгы жок дешкен. Кийин мунун Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жалпы аймагына дагы таасири тийип, учурда тизмедеги 6 миңден ашык дары-дармектин ондогону гана катталган.
Соода-өнөр жай палатасы февралда 2026-жылы ЕАЭБ стандарттарына ылайык каттоодон өтпөсө, алты миңдей дары сатыкка чыкпай калышы мүмкүн экенин эскерткен.
Андан көп өтпөй Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттарын жана медициналык жабдыктарды каттоо департаменти каттоо мөөнөтү узартыла турганын билдирген. Аталган мекеменин маалыматында 6 миңдей дары-дармектин ичинен 300дөйү Евразия экономикалык биримдигинин талабына шайкеш келтирилген.
ЕАЭБдин талабына ылайык ага мүчө өлкөлөрдүн базарындагы товарлар, дары-дармек белгилүү бир эрежелер менен каттоого алынууга тийиш. 2016-жылы дары-дармектер 2024-жылга чейин каттоодон өтөт деген келишимге кол коюлган.
Каттоодон өткөн дары-дармекке процедура учурунда каттоо күбөлүгүн беш жылга берилет. Андан тышкары алып келинген ар бир дарынын сериясы лабораториялык изилдөөдөн өтүп турат.
Кыргызстанда дарылар мындан тышкары улуттук каттоодон да өтүүгө тийиш. (ST/ZhK)