Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сөгүш алганы белгилүү болду

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев.

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев.

Судьялар кеңеши ушул жылдын 24-январындагы отурумунда жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге, Ош облустук сотунун жетекчиси Мирлан Боромбаевге жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Самудиновго тартиптик жаза колдонуу чечимин кабыл алганы 25-мартта белгилүү болду. Бул маалыматты “Азаттыкка” Соттор кеңешинин басма сөз кызматы ырастады.

Мекеме аларга эмненин негизинде чара колдонулганын тактаган жок. 24.kg маалымат агенттиги алар соттордон каражат чогултуу ишине байланыштуу тартиптик жазага тартылып, сөгүш алганын жазды. Бул боюнча материалдарды Судьялар кеңешине президенттик аппарат бергени кабарланды.

Буга чейин социалдык тармактарда “Медербек Сатыевге тартиптик жаза колдонулганы тууралуу Соттор кеңешинин чечими” делген материал тараган. Бул тууралуу Жогорку сот, Медербек Сатыев комментарий бере элек.


51 жаштагы Медербек Сатыев 2024-жылы октябрь айында Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган. Ал 1974-жылы Ош шаарында туулган. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департаментинде иштөөдөн баштаган.

2013-жылы ал Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди, Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын мүчөсү болгон. 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2022-жылы октябрда Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору болуп иштеп, 2024-жылдын башында Жогорку соттун судьясы болуп шайланган. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте жол куруу иштерине 4,5 млрд сом бөлүндүAFP: Эр-Риядда АКШ жана Украина делегациялары ортосунда жаңы сүйлөшүүлөр башталдыUSAGM "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна каражаттын бир бөлүгүн берүүгө макул болдуОрус армиясы Украинанын аймактарына "Шахеддер" менен сокку урдуКыргызстанда айрым мамлекеттик мекемелерди жоюу пландалуудаАбхаз, армян номурлуу машинелерди каттоо башталбай жатканына түшүндүрмө берилдиЖасалма документ убада кылган пакистандык кармалганы кабарландыЭреже бузган айдоочулар тапшыра турган сынактын тартиби боюнча маалымат берилдиОрусияда сот актер Михаил Ефремовду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан бошотту