Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Жасалма документ убада кылган пакистандык кармалганы кабарланды


УКМК тараткан сүрөт. 25-март, 2025.
УКМК тараткан сүрөт. 25-март, 2025.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Пакистандын жараны документ жасалмалоого жана алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирди. 25-мартта жарыяланган маалыматка ылайык, шектүү А.М. 14 пакистандыкка Кыргызстанда аларга керектүү документтерди алып берүүнү убада кылган.

Ал өзү 17 жылдан бери Кыргызстанда жашаганын жана тиешелүү мекемелерде тааныштары бар экенин айтып, пакистандыктарга электрондук виза алып бере аларына ишендирген. Бул үчүн шектүү алардан 1 миллион сомдон ашык акча алганы маалым болду.

18-мартта козголгон кылмыш иши боюнча ага Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин (“Документтерди жасалмалоо”) 3-бөлүгү жана 209-беренесинин (“Алдамчылык”) 1-бөлүгү боюнча айып коюлуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул кылмышка башка дагы адамдардын тиешеси бар-жогу такталууда.

Кыргызстанда соңку жылдары Индия, Пакистан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү кызмат көрсөтүү жана тигүү цехтеринде эмгектенет. Ошондой эле жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттер да көп.

2024-жылдагы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG