Орозо айт 30-мартта белгиленет

Айт намазы. Архив сүрөт.

Айт намазы. Архив сүрөт.

Кыргызстанда Орозо айт быйыл 30-мартта белгиленет. Бул тууралуу “Азаттыкка” 25-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Айт намазынын убактысы жана окула турган жайы боюнча маалымат бериле элек.

Айт майрамы жекшемби күнгө туура келгени үчүн дүйшөмбү күн дем алыш болбойт. Мындай талап быйыл январь айында кабыл алынган Эмгек кодексине киргизилген.

Орозо айы быйыл 1-мартта башталган.

Дагы караңыз

Абхаз, армян номурлуу машинелерди каттоо башталбай жатканына түшүндүрмө берилдиЖасалма документ убада кылган пакистандык кармалганы кабарландыКыргызстанда айрым мамлекеттик мекемелерди жоюу пландалуудаКыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 110 адам каза болду