26-марттын аба ырайы: Тоолуу райондордо кар жаайт

Бишкек.

Бишкек.

Шашылыш билдирүү:

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 26-27-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунучтуу.

25-28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо сунушталат.

26-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек–Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол–Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Ала-Бука–Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка–Акташ автоунаа жолунун 1-2-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык чектелиши зарыл.

Аба ырайы:

26-мартка караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 0…-2° (үшүк), күндүзгү температурасы 12…14° болот.

Дагы караңыз

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 110 адам каза болдуЭреже бузган айдоочулар тапшыра турган сынактын тартиби боюнча маалымат берилдиОрусияда сот актер Михаил Ефремовду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан бошоттуКыргызстан 2030-жылга чейин кургак учукту азайтууну көздөйт