Кыргызстан 2030-жылга чейин кургак учукту (туберкулез) жеңүүгө аракет кылып, дартты аныктоодо инновациялык ыкмаларды, жасалма интеллектин жардамын колдонууну көздөйт.
Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдуллаат Кадыров басма сөз жыйында билдирди.
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен ооруну алдын алуу, аныктоо, диагностика жана дарылоодо бизде алты клиникалык стандарт иштелип чыккан. Мындан тышкары акыркы жылдары кургак учукту молекулярдык-генетикалык ыкманы киргизүү платформасы иштеп жатат. Анын жардамы менен эки сааттын ичинде кургак учуктун ДНКдагы бактерияларын жана анын күчтүү дарыга сезимталдыгын аныктайбыз. Бизде азыр мындай лабораториялык 35 платформа бар. Жабдыктар бардык аймактарга берилген. Өткөн жылы ДССУнун жардамы менен жасалма интеллект менен иштеген тогуз жабдык алынды. Алардын жардамы менен эл арасында скрининг жүргүзүп жатабыз", - деди Кадыров.
Кадыров быйыл январда жаңы кабыл алынган эки мыйзамга ылайык, аялуу катмар (кургак учук, ВИЧ ж.б. өнөкөт оорусу барлар) жана алар менен байланышта болгон адамдар акысыз текшерүүдөн өтүүгө тийиш экенин кошумчалады. Учурда кургак учукка күмөн саналган адамдар мамлекет эсебинен текшерүүдөн өтүп жана дарыланып жатат.
Дарыгер 2001-жылга салыштырмалуу, кургак учук жуккан жана андан каза болгон учурлар азайганын белгиледи. Ал муну акыркы жылдары дартты аныктоо жана дарылоо ыкмалары жакшырганы менен түшүндүрдү.
Алдын ала маалыматта 2024-жылы кургак учук жуккан 3994 учур катталып, 194 адам каза тапкан.
2023-жылы 4183 учур катталып, 183 адам каза болгон. 2022-жылы 4568 учур катталып, 176 адам өлүмгө дуушар болгон.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечими менен 24-март кургак учукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү деп белгиленет.
Кургак учук – бактериялар пайда кылган инфекциялык оору, негизинен өпкөнү жабыркатат. Оору адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө жана какырганда аба аркылуу тарайт. (ST)
Шерине