Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 110 адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2025-жылдын башынан бери 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болду. Дагы 2000ден көп киши ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Байгазы Айтикул уулу “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, жол кырсыктарынын 91% айдоочулардын күнөөсүнөн улам болууда.


Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакын киши жаракат алган. Өткөн жылдагы кырсыктар жана жапа чеккендер тууралуу толук маалымат бериле элек.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жол эрежесин бузган айдоочулар токтотулган жерден жол эрежелери боюнча суроолорго жооп берүүгө милдеттүү болот. Сынактан өтпөй калгандардын айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат. Бул демилге коомдо кайчы пикирлерди жаратууда. (BTo)

Дагы караңыз

Орусияда сот актер Михаил Ефремовду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан бошоттуКыргызстан 2030-жылга чейин кургак учукту азайтууну көздөйтОрус армиясынын Сумы шаарына жасаган аба чабуулунан 65тей киши жараат алдыЭр-Риядда Орусия менен АКШ өкүлдөрүнүн 12 саатка созулган сүйлөшүүсү аяктады Сокеев Суу ресурстары кызматынын директору кызматынан бошотулдуСалык кызматынын мурдагы төрагасы менен орун басары камакта калды