Трамп менен Путин телефондон бир жарым саат сүйлөштү

18-мартта АКШ президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Маалыматка караганда, бир жарым сааттан ашкан талкуунун чордонунда Украинадагы согушту жөнгө салуу маселеси болду.

ТАСС агенттиги Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков лидерлердин телефон сүйлөшүүсү аяктаганын бышыктады.

Сүйлөшүүнүн мазмунунун чоо-жайы кабарланган жок. Песков буга чейин анын жүрүшүндө АКШ-Орусия алакаларынын, ошондой эле Украинадагы согуштун “бир топ маселелери” кеп болорун журналисттерге билдирген.

«Согушка чекит коё аларыбызды талкуулайбыз. Балким токтото алабыз, балким жок. Бирок жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар деп ойлойм», - деп айткан Трамп 16-мартта.

Ал сөз «жер» жана «электр станциялар» тууралуу болорун кошумчалаган.

Bloomberg Путин 30 күндүк жарашуу маалында Украинага курал-жарак бербөөнү талап кыларын жазган.

Орусиялык жогорку өкүлдөрдүн бири Москва Украина НАТОго кирбеши керек деген шартты жактай берерин айтты. Киев бул талапты четке кагып келатат.

Өткөн жумада Украина Жиддадагы сүйлөшүүлөрдө АКШнын ок атууну убактылуу токтотуу сунушуна көнгөн.

Путин бул демилгени биротоло четке каккан жок, бирок Москванын "бир катар жагдайлары" бар экенин белгилеген.

Кийин Ак үйдүн Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Стивен Уиткофф Москвага барып орус жетекчилигин долбоор менен тааныштырган. Дипломат Вашингтон менен Москванын позициялары “жакындашып жатат”, Путин Украинадагы ок атышууну токтотуу зарылдыгы боюнча Трамптын “философиясын кабыл алат” деген таасирде калганын айткан.

Bloomberg жазганына караганда, орус президенти Уиткофф менен кездешүүдө ок атууну убактылуу токтотуу келишимине кол коюу үчүн Украинага курал-жарак берилбейт деген милдеттүү шарт койгон.

Агенттиктин европалык булагы Европа Орусиянын курал-жарак менен камсыздоону токтотуу талабына Европанын көнөрүнөн күмөн санаганын айтты. Анын айтымында, Орусия жарашуу маалында куралданып, Киев андай мүмкүнчүлүктөн ажырап калат деген кооптонуу бар.

Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүү алдында Украинадагы согушка чекит коюу келишиминин көп элементтери макулдашылганын айткан.

Дагы караңыз

"Ооз бекитерге аз калганда сокку урулду". Газадагы соңку чабуул Кечки радио эфир | 18.03.2025 | "Азатлык": Ашхабадда турмушка чыга элек аялзаты сары жоолук салынууга милдеттүү болду Казакстанда атомдук энергия боюнча агенттик түзүлдү