"Ооз бекитерге аз калганда сокку урулду". Газадагы соңку чабуул

Газанын түндүгүндө жабыркаган эл. 18-март, 2025-жыл.

Газанын түндүгүндө жабыркаган эл. 18-март, 2025-жыл.

Израил Газа секторуна абадан соккуларын жандантты. Бир катар маалымат агенттиктери жазгандай, Израилдин коргоо армиясы “согуштук аракеттерди жандандырганын” жарыялады. Ак үй Израил Дональд Трамптын администрациясына аба соккусу тууралуу алдын ала кабар бергенин билдирди.

18-мартта Израилдин соккусунан кийинки күнү Газанын Хан-Юнис районунда жергиликтүү эл урандылардын арасында издөө иштерин жүргүзүп жатты.

Журналисттер менен сүйлөшкөн тургундардын бири карапайым эл орозо учурунда ырайымсыздыкка кабылганын айтып турду.

"Биз түнү саат 2де ооз бекиткенге даярданып жаткан учурда чабуулга кабылдык. Анын кесепетин азыр силер көрүп турасыңар. Тез жардам чакырылды, бир канча адам жаракат алып, дагы бир канчасы каза болду. Азыр биз урандыларды казып, жабыркаган бирөөнү таап калабызбы деп издеп жүрөбүз" - деди тургундардын бири.

Газадагы аза күткөн тургундар, 18-март, 2025-жыл.

Газадагы аза күткөн тургундар, 18-март, 2025-жыл.

Reuters агенттиги тараткан дагы бир тасмада Газанын түндүгүндөгү аба соккуларынан кийин жарадар болгон палестиндерди Тез жардам кызматтары алып кетип жатканын көрүүгө болот.

Шейшембиге караган түнү Израилдин армиясы Газа секторуна абадан сокку урду. АКШ жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган ХАМАС башкарган тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси 400дөн ашуун киши өлгөнүн билдирди.

Бир катар маалымат агенттиктери жазгандай, Израилдин армиясы ЦАХАЛ “согуштук аракеттерди жандандырганын” жарыялады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун сөзүнө караганда, ал ок атышууну токтотуу режимин улантуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнү үчүн жооп катары сокку урууну тапшырган.

Израилдин Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) элчиси Дани Данон шейшембиде тараткан видеокайрылуусунда Газа тилкесинде согуштук аракеттер кайра жанданганын ырастады:

"Израилдин аба күчтөрү Газа тилкесиндеги ХАМАСтын турумдарына бир катар чабуул баштады. Биз душмандарыбызга ырайым кылбайбыз. Мен муну ачык айтайын. Биздин барымтадагылардын баары үйүнө кайтмайынча Израил токтобойт. Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешине да кайрылабыз. Эгер алар Газа тилкесиндеги согушту токтотууну кааласа, барымтадагылардын Израилге кайтарылышын камсыз кылышы керек. Биз аларды кайтарып келүү ниетин көздөп жатабыз".

Ал эми ХАМАС тобунун билдирүүсүндө Израилдин ок атышууну токтотуу келишимин бузушу "Газадагы туткундардын" тагдырына коркунуч жаратары белгиленди.

БУУнун атайын координатору Муханнад Хади ок атышууну тез арада токтотууга чакырды.

"Газадагы адамдар ойго келбеген азапты баштан кечирди. Согуштук аракеттерди токтотуу, гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу, барымтадагыларды бошотуу жана негизги кызматтарды жана адамдардын жашоо-тиричилигин калыбына келтирүү - алдыга карай бирден-бир жол", - деп айтылды координатордун билдирүүсүндө.

Маалымат агенттиктери ХАМАСтын жетекчилери, ортоңку даражадагы командирлери жана инфраструктурасы бутага алынганын Израил бийлигиндеги булактарына таянып кабарлашты. Басылмалар бул операция аба соккулары менен эле чектелбей турганын божомолдошууда.

Ак үйдүн өкүлү Кэролайн Левитт Израил Трамптын администрациясына аба соккусу тууралуу алдын ала кабар бергенин билдирди.

"Президент [Дональд] Трамп ачык айткандай, ХАМАС ,[Йемендеги] хусилер, Иран, Израилди гана эмес, Америка Кошмо Штаттарын да террорго салгысы келгендердин баары жазасын алышат", - деди ал.

Дагы караңыз Газа: Нецарим коридору ачылды, Трамп анклавды алуу ниетин кайталады


Газада ок атууну токтотууга арачы болгон өлкөлөрдүн бири - Египет Израил менен ХАМАСты карманууга жана тынчтык орнотуу келишиминин үстүнөн иштөөгө чакырды.

Reuters жазганына караганда, шейшембиде эртең менен башталган аба соккулары 'эки айлык убактылуу жарашуунун кыйрашына алып келиши мүмкүн.

Радикал уюмдун жогорку өкүлү Reuters агенттигине билдиргендей, Израил бир тараптуу түрдө 19-январда күчүнө кирген "ок атууну токтотуу макулдашуусун бузду". Кийинчерээк ХАМАСтын өкүлү Израил "согушту жандандыруу менен барымтадагы жарандарын курмандыкка чалууну чечти" деп айтты.

Согушкерлер арачыларды жана БУУну кийлигишүүгө чакырып, урушту улантканын маалымдай элек.

Дагы караңыз "Башка аялдын сөөгүн берип коюшкан". Израил ХАМАСты айыптады


15-январда Израил жана ХАМАС ортомчулардын жардамы менен Газадагы ок атышууну убактылуу токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкен. 42 күнгө созулган биринчи баскычта 33 киши согушкерлердин барымтасынан кое берилип, эки миңдей палестин Израилдин абактарынан чыгарылган.

Келишим күчүнө кирген 16 күндөн кийин экинчи этап боюнча сүйлөшүү башталмак. Анда барымтадагылардын бардыгы бошотулуп, Израилдин аскерлерин анклавдан чыгаруу каралган.

Маалымат каражаттары ХАМАСтын колунда болжол менен 24 киши жана каза болгон 39 израилдиктин сөөгү бар деп жазууда.

ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылы 7-октябрда Израилге кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөй адамды туткунга алган. Израил жооп иретинде Газа тилкесинде аскердик операциясын баштаган. 15 айдан ашуун убакыт ичинде "хамасчылар" башкарган тилкенин саламаттык сактоо мекемеси 45 миңден ашуун адам каза болгонун кабарлаган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Израил Газага аба соккуларын жандантты