Ашхабадда күйөөгө чыга элек аялдарды сары жоолук салынып жүрүүгө милдеттендиришти. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн редакциясы «Азатлык» радиосу жазды. Маалыматка караганда, аял-кызматкерлерге ошондой тартип киргизген иш берүүчүлөр «үстү жактан» түшкөн көрсөтмөгө шилтеме кылганы менен кимден экенин тактаган жок.
Көрсөтмө марттын башында пайда болгон. Күйөөдөгү аялдардан сары көйнөк кийүүнү талап кылышкан. Баш ийбегендерди иштен кетиребиз деп коркутушкан.
Буга чейин мамлекеттик кызматкерлерге боенууга, жабышкан көйнөк кийүүгө же чачтарын ачык түскө боеого тыюу салынган.
Түркмөнстанда жарандардын коомдук жайлардагы жүрүм-турумун тескеген көптөгөн эрежелер бар. Мисалы автомашиналар ак же ачык түстө болууга, кыз-келиндер улуттук кийим кийүүгө тийиш.
Эркек кишилер сакалдарын алып жүрүшү керек.
Прагадагы Карлов университетинин Борбор Азия боюнча эксперти Славомир Горактын айтымында, андай эрежелер «укуктук документтерге негизделген эмес. Көп учурда алар көрсөтмөгө, «президенттин же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн «сунуштарына» таянат».
Түркмөнстан дүйөдөгү эң жакыр ана эң авторитардык өлкөлөрдүн бири бойдон калууда.