Трамп хусилердин чабуулу үчүн Иранды жазалай турганын эскертти

Йемендин жээгине жакын жерде өрттөнгөн танкер. Архив

Йемендин жээгине жакын жерде өрттөнгөн танкер. Архив

АКШнын президенти Дональд Трамп хусилердин чабуулу үчүн Иранды жазалай турганын эскертти.

«Эч ким алданбасын! Йеменде жайгашкан, йемен эли жек көргөн хуси башкесерлер менен бандиттер кылган кол салууларды Иран уюштурган, Иран түзгөн», - деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, Ислам жумурияты БУУнун Коопсуздук кеңешине жолдогон катында АКШ президентинин билдирүүсүн “акылсыз, чагымчыл” деп четке какты.

15-мартта америкалык лидер аскерлерге Йемендин түндүк тарабынын басымдуу чөлкөмдөрүн көзөмөлдөгөн хусилердин позцияларына сокку уруу буйругун берген. Жыл башында Ак үй алардын кыймылын террордук уюм деп тааныган.

Анын алдында хусилер Израилдин Газаны блокадага алышына жооп катары Йемендин жээгине жакын өткөн израилдик кемелерди бутага алууну жандандырарын билдирген.

Хусилер АКШнын операциясына байланыштуу билдирүү таратып, АКШ менен Британияны Сана элине каршы “каардуу агрессия” көрсөтүп жатат деп айыптады. Лондондун акыркы чабуулдарга тиешеси жок экени белгилүү.

Хусилердин көзөмөлүндөгү Саламаттык сактоо министрлиги бул чабуулдарда бери дегенде 19 адам мерт болуп, дагы 11и жараат алганын кабарлады.

Газадагы согуштан улам Иран колдогон хусилер Йемендин жээгин бойлой бараткан кемелерди бутага алып келе жаткан. Кызыл деңиз жана ал жердеги Баб-эл-Мандеб кысыгы аркылуу дүйнөдөгү соода кеме кыймылынын 12% өтөт, жүктүн 30% ташылат.

Дагы караңыз

Жогорку сот Аскат Жетиген боюнча чечимди күчүндө калтырдыБелгород дрон чабуулуна туш болгону кабарландыТармактык комитет депутаттарды шайлоо боюнча жаңы долбоорду жактырды