Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 19-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндуз 19…24;
Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндуз 19…24;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндуз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндуз 7…12;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 10…15.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 5…7°, күндүзгү температурасы 23…25° болот.