15-марттын аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

15-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндуз 11…16

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндуз 5…10

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 14…16° жылуу болот.

Дагы караңыз

“Коопсуз шаар” ишке берилгенден бери 4 млрд сомдон ашык айып пул түштүОрусияга кымбат баалуу машинелер Кыргызстан аркылуу киреби? Чүйдө ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү табылдыМосква жана Подмосковье кайрадан дрон чабуулуна кабылганы кабарландыДүйшөмбү–Бишкек каттамындагы учак "Манас" аэропортуна кондуДостук айылынан көчүрүлө турган элге турак жай салуу башталды