Чүй облусунун Чүй районунун тургуну 20-февраль күнү милицияга кайрылып, жарандык никедеги 48 жаштагы күйөөсү былтыркы жылы 2-ноябрда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жатканын билдирген.
12-март күнү анын зомбулуктун белгилери калган сөөгү Токмок—Лесхоз—Кегети жолунун чыгыш тарабынан табылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
14-мартта Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери кылмышка шектүү эки адамды кармаган. Алардын бири маркумдун өгөй уулу - 29 жаштагы Н. А., экинчиси анын досу - 28 жаштагы К. Ы. болуп чыккан.
Кармалгандар милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөөнүн маалыматына караганда, былтыр ноябрда шектүүлөр маркумдун үйүнө барып, өгөй ата менен баланын ортосунда чыр чыккан. Шектүүлөр ал адамды сабап, колу-бутун байлап, машинанын жүк салуучу жагына жүктөп, тоого алып барышкан. Ал жакта да сабап, өлтүргөн соң, сөөктү таш менен көөмп туруп, качып кетишкен.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп. (ZKo)