Орусиянын борбору Москва шаары жана Подмосковье аймагы бул аптада экинчи ирет учкучсуз учактардын жана дрондордун чабуулуна кабылды. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.
Москванын мэри Сергей Собянин 14-мартта маалымдагандай, абадан коргонуу күчтөрү борбор калаага учуп келе жаткан төрт дронду атып түшүргөн.
ASTRA Телеграм каналы жана башка күбөлөр Түштүк Битца конушунун аймагында жарылуу болгонун кабарлашты, жарылуу тасмага түшүп калган.
Жарылуулар Балашихада да болгон, жергиликтүү тургундар дрондукуна окшогон сыныктарды табышкан.
Москвада көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырында өрт чыкканы кабарланды.
Мурдараак Внуково аэропорту учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөө киргизгени маалымдалган.
Москва шаарына жана Москва облусуна учкучсуз учактардын чабуулу 11-мартта да болгон. 90дон ашуун дрон бута алган Подмосковьеде үч адам набыт болгон. Ал түнү аймакка жалпы 300дөй учкучсуз учак чабуул койгону кабарланган.
Чабуул тууралуу Украина комментарий бере элек.