Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Орусиядан мыйзамсыз ташылып келаткан 21 тонна тоок эти Кыргызстанга киргизилбегенин кабарлады.
Талас облусундагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунун инспекторлору тоок этин текшерип, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ветеринардык-санитардык талаптары бузулганын аныкташкан.
Министрлик товар маркирленбегени такталганын кошумчалады.
Жыйынтыгында “Чоң-Капка” чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тиешелүү акт түзүп, жүк кайра Орусияга жиберилди. (BTo)
Дагы караңыз
Жапаров чет жактан электр жарыгы 3,5 сомдон сатып алынып жатканын айттыПрезидент чек ара кызыкчылыктарды эске алуу менен түбөлүккө чечилип жатканын айттыAI украиналык туткундар Орусияда кыйноого кабылганы тууралуу баяндама чыгардыМолдованын президенти орус элчисинин ишеним грамотасын бир нече айдан бери кабыл албай жатат5-март: Айжигитов фракциядан чыгарылды, Өзбекстан алтын сатып алууда дүйнөдө 1-орунду ээледи