"Узак жылдык маселеге чекит коюлду". Депутаттар кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууну колдоду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңештин тармактык алты комитети 27-февралда биргелешкен жыйын куруп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге макулдук берди. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны тактоодо эки тараптын кызыкчылыгы эске алынганын айтты.