Өспүрүмдөрдүн өлүмү боюнча маселе парламентте көтөрүлдү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда февраль айынын ичинде эле беш өспүрүм өз жанын кыйды. Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, айрым депутаттар өкмөт алдын алуу иштерин күчөтүшү керектигин айтышты. Президент Садыр Жапаров Европа парламенттин депутаттарын кабыл алды. Жолугушууда “Социал-демократтар” партиясынын мүчөлөрүнүн кармалышы боюнча маселе көтөрүлдү. Эл аралык бир нече маалымат каражаттары жеке булактарга таянып, АКШ жана Украина кен байлыктар боюнча мунаса табышканын жазды.