Ош: Ак-Бууранын жээгиндеги Мырзакматовдун 2,5 гектар жери мэрияга өтөбү?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгине түшкөн мыйзамсыз курулуштардын баары алынып, дарыянын корукка кирген зонасы толук бошотула турганын жарыялады. Экс-мэр Мэлисбек Мырзакматовдун жеке менчиги делген 2,5 гектар жер тилкесин дагы мамлекеттин карамагына алуу тууралуу аракеттер башталганын шаардык бийлик билдирди. Өткөн жылдын жай айында Ак-Буура  дарыясы нугунан чыгып,  Ош шаарын суу каптап, борбордук  базарда ишкерлер  чыгымга  учураган. Селден беш киши каза тапкан.