Эр-Риядда АКШ менен Орусиянын башкы дипломаттары жолугат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

18-февралда АКШнын жана Орусиянын башкы дипломаттары Сауд Арабияда жолугат. Маалыматка караганда, алар мамилелерди калыбына келтирүү жана Украинадагы согушту токтотууну талкуулайт. Ошол эле маалда Киев ал сүйлөшүүлөргө катышабы же жокпу белгисиз. Украина, Еврошаркет тынчтык сүйлөшүүлөрүнө камтылбай калышына каршы болууда. Ал тапта Британия жана Швеция ок атуу токтогондон кийин Украинага бейпилдик күчтөрүн жайгаштырышы мүмкүн экенин билдирди.